Укук коргоочулар парламенттен Темиров менен Назаровдун окуясын көзөмөлгө алууну суранды

«Бир дүйнө Кыргызстан» уюмунун укук коргоочулары Жогорку Кеңеш иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалуу фактысынын мыйзамдуулугун иликтөөнү көзөмөлгө алуусун суранып парламент спикери Талант Мамытовго кайрылышты.

«Бир Дүйнө» 22-январда Темиров кармалган күнү Temirov Live’дын редакциясындагы тинтүүнүн жана техникаларды алып кетүүнүн мыйзамдуулугун дагы текшерүүнү өтүнүштү.

Укук коргоочулардын пикиринде, Темировдун кармалышы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасы өндүргөн мазутту саткан бизнеси тууралуу иликтөөсү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

«Бул окуянын саясий өңүтү болушу мүмкүн, күч органдары өз аракеттери менен айрым кызыктар адамдардын саясий буйруктарын аткарышарын жана ошол адамдардын көзөмөлүдө экендиктерин көрсөтүп коюшту», — деген пикирди айтты «Бир Дүйнө».

Укук коргоочулар өз кайрылуусунда Темиров жана Назаровдун кармалышына байланыштуу бир катар суроолорду да беришкен:

  • эмне үчүн журналисттердин кеңсесине куралчан спецназ бастырып кирип келди?
  • эмне үчүн кеңседе жүргөн, каршылык көрсөтпөгөн кызматкерлерди бети менен жер каратып жаткырышты?
  • Темировду кармоого күч түзүмдөрүнүн ресурстары туура пайдаланылдыбы?
  • эмне үчүн Темировдун чөнтөгүнө зат салынды, эмне үчүн редакциянын техникалары алынды?

Муну менен катар укук коргоочулар Temirov Live’дын кеңсесиндеги тинтүүнү жана кармоону «журналисттерди коркутуу үчүн саясий күч пайдаланылган жагымсыз прецендент» жана сөз эркиндигине карата кысым деп эсептешет.

Ошондой эле «Бир Дүйнө Кыргызстан» парламенттен Temirov Live’дын кеңсесинин күч органдары тарабынан тинтүүгө алынышын, Темиров менен Назароздун кармалышынын мыйзамдуулугун, «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасынын мазутун экспорттоо боюнча иштин мыйзамдуулугун дагы иликтөөнү суранышты.

Темиров менен Назаровдун кармалышы

22-январь күнү кечинде Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери кирип келип, тинтүү жүргүзүп, журналист Болот Темировду жана акын Болот Назаровду алып кетишкен.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар иликтөөчү Болот Темировдун чөнтөгүнө целлофан баштыкка оролгон жашыл затты салып, кайра алып чыгып баңгизат таап алышканын жарыялашкан.

Темировдон тышкары, милиция төкмө акын Болот Назаровду да кармаган, анда да баштык ичинде гашиш болгону айтылган. Назаров кармалгандан кийин Бишкек ШИИБинин алдына башка төкмө акындар да чогулуп, милициянын «мыйзамсыз ишин» төгүп ырдашкан. Кийинчерээк Назаров эч жакка кетпөө тил каттын негизинде бошотулган.