Балбак Түлөбаев: Жакында башкы прокурор Зулушев менен Ташиевдин тирешин көрөбүз

Парламент депутаты Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин 10-февралдагы жыйынында коомчулук жакында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тирешине күбө болушу мүмкүн деген божомолун айтты.

Түлөбаев күн мурун Зулушев УКМК соттун чечимисиз эле жарандарды тыңшаса болот деген мыйзам долбооруна каршы чыкканын белгиледи. Башкы прокурор жарандардын телефондорун тыңшоо үчүн сөзсүз түрдө соттун санкциясы болушу керек деген болчу.

«Мыйзам долбоору кандай максатта киргизилгенин таанышайын. Анан кийин өзүбүздүн оюбузду билдиребиз. Себеби дегенде адамдын укугу кол тийгис болушу керек. Адамдын жашоосу эркин болушу керек», — деген Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйында.

Балбак Түлөбаев болсо божомолу менен парламент депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин карап жатканда бөлүштү. (Мадумаров өзүнө карата «чыккынчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтып, аны «100 пайыз саясий иш» деп атаган).

«Талант Турдумаматович, сиз дагы куугунтук көргөнсүз, Исхак Абсаматович да куугунтук көргөн, [абакта] жаткан. Ажобуз да, авабыз да, Камчыбек Кыдыршаевич да [абакта] жаткан. Мындан бир сабак алабызбы же жокпу?» — деп суроо салды Түлөбаев.

УКМКнын ыйгарым укуктарын кеңейтүү жөнүндөгү мыйзам долбоору

УКМКнын ыйгарым укуктарын кеңейтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун кароону парламенттин 7-февралдагы отурумунда Адахан Мадумаров көтөрүп чыккан. Анда Мадумаров мыйзам долбоорунун бир беренесинде УКМКга соттун жана прокурордун макулдугу жок эле жарандарды тыңшоого мүмкүндүк бергени үчүн сынга алган.

УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков Мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин телефондорун тыңшоо жана башка аракеттер тергөө судьясынын чечими менен гана негизделет деп жооп берген.

Мадумаров документтин концепциясын гана кабыл алууга макул болгон — анда да жарандык коомдун өкүлдөрү менен тегерек столдо талкуулоо шарты менен.

Жыйынтыгында парламент комитети УКМКнын мыйзам долбоорунун концепциясын кабыл алган.

«Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү» мыйзам долбоору 2018-жылдан бери бар. Бул документтин жаңы редакциясы ачык булактарда жок, бирок Юстиция министрлигинин сайтында долбоордун биринчи варианты жарыяланган.