Башкы прокурор Жогорку Кеңештен Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүүнү сурады

Курманкул Зулушев жана Адахан Мадумаров.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештен «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранды. Бул тууралуу парламенттин 10-февралдагы жыйынында белгилүү болду.

Жыйында башкы прокурордун кайрылуусун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, «Ишеним» фракциясынын депутаты Медербек Алиев окуп, бул маселе комитетте каралганын билдирди.

«Эртең менен Башкы прокуратуранын сунушу келип түштү. Бул маселе мыйзамга ылайык, комитетте каралып, Жогорку Кеңешке сунушталды. Комитет кезексиз жыйын өткөрүп, башкы прокурордун кайрылуусу боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштайт», — деди Медербек Алиев.

Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев башкы прокурордун сунуштамасы тууралуу материалдар депутаттарга берилбегенин белгилеп, кайрылууну кийинки жумада «шашпай карап чыгууну» айтты.

«Ушул сунуштаманы депуттарга да берсе жакшы болот эле. Мазмунун окусак. Эмне себептен экенин түшүнүп турам. Бирок алардын негизи дооматы кандай болуп атат. Юридикалык тил менен кандай жазылып атат. Ошону дагы окусак. Материалдар жок», — деди Бекешев.

«Бүтүн Кыргызстандан» депутат болгон Исхак Масалиев регламент боюнча маселе караларына үч күн калганда башкы прокурордун сунуштамасы эл өкүлдөрүнө таратылып берилиши керектигин белгиледи.

«Мыйзамда, регламентте так жазылып турат. Каралып жаткан маселе боюнча материалдар үч күндөн кем эмес убакытта таркатылышы керек деген талап бар. Эч жерде прокурордун сунуштамасы мыйзам бузуу жолу менен каралсын деп жазылган эмес. Туура 48 саатта каралышы керек болчу. Башкы прокурор биздин мыйзамды окуп, сыйлашы керек болчу», — деди ал.

Айрым депутаттар сунуштама каралып жатканда башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү катышсын деген талап коюшту.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага сурак берип жатат. Мадумаров 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге байланыштуу кабыл алынган протокол* боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылууда.

*2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялоодон баш тарткан. Ошондуктан протоколдун юридикалык күчү жоктугу айтылып келет.

«Кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык»

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Мадумаров кол койгон протокол боюнча парламенттик шайлоонун алдында бир нече билдирүүлөрдү жасаган. Жапаровдун айтымында, Мадумаров кол койгон протоколдон улам тажик тарап 275 метр такталбаган жерди талашып жатат. Ошол эле учурда Жапаров протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин эске салган.

Андан соң Жапаров Баткен облустук медиа-борборунун жетекчиси Мамажан Бердишевге маек куруп, Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды» суракка алып, жоопкерчиликке тарта турганын айткан.

Өлкө башчы 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына да маек куруп, «Бүтүн Кыргызстандын» лидерин кескин сындап, Мадумаров кол койгон протоколду «кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык» деп баалаган.

Ал эми Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында протоколго койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн «жападан-жалгыз жолу болгон» деп негиздеген.

2019-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштаган.