Адахан Мадумаров ага карата «чыккынчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтты

«Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров ага «чыккынчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Ал «Азатыкка» комментарий берип, «жүз пайыз саясий иш» деп атады.

Мадумаров башкы прокурор Курманкул Зулушевдин аны кылмыш жообуна тартуу боюнча сунуштамасын кароо үчүн комиссия түзүүнү сунуштап, ал адилеттүү чечим чыгарат деп ишенип артууда.

Адахан Мадумаров.

«Талап ушундайбы, комиссия түзүлүш керек. Кесиптештер дагы бир жолу суранам, ар бир киши жараткан маңдайына жазганын гана көрөт, пенде эч нерсе жасай албайт. Боло турган иш болот. Ошондуктан комиссияны тез арада түзүп, комиссия өз ишине киришип, адилеттүү чечим чыгарат го деген үмүт менен ишти андан ары карай уласак. Калган нерсе башкы прокурордун абийиринде калсын», — деди Мадумаров.

Аны менен катар, эл өкүлү бийликтеги карам-каршылыкты курчутууга аракет кылган «аябагандай чоң күчтөр пайда болгонун» билдирди.

«Ошол карама-каршылыкты болушунча курчутууга, күчөтүүгө жан салып аткан аракеттер. Жалаң “Бүтүн Кыргызстандын” мүчөлөрү менен депутаттарынын мына ушундай абалга кабылганынын бирден-бир себеби — бул саясий гана көз караш. Бул жакшылыкка алып келбейт», — деди ал.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага сурак берип жатат. Мадумаров 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге байланыштуу кабыл алынган протокол* боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылууда.

*2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине жакын жайгашкан такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялоодон баш тарткан. Ошондуктан протоколдун юридикалык күчү жоктугу айтылып келет.

«Кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык»

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Мадумаров кол койгон протокол боюнча парламенттик шайлоонун алдында бир нече билдирүүлөрдү жасаган. Жапаровдун айтымында, Мадумаров кол койгон протоколдон улам тажик тарап 275 метр такталбаган жерди талашып жатат. Ошол эле учурда Жапаров протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин эске салган.

Андан соң Жапаров Баткен облустук медиа-борборунун жетекчиси Мамажан Бердишевге маек куруп, Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды» суракка алып, жоопкерчиликке тарта турганын айткан.

Өлкө башчы 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына да маек куруп, «Бүтүн Кыргызстандын» лидерин кескин сындап, Мадумаров кол койгон протоколду «кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык» деп баалаган.

Ал эми Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында протоколго койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн «жападан-жалгыз жолу болгон» деп негиздеген.

2019-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Мандатынан ажыратылган жана кармалган «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөлөрү

Орозайым Нарматова жана Мирлан Ураимов.

Борбордук шайлоо комиссиясы 25-январда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланган Орозайым Нарматованын депутаттык каттоосун жокко чыгарып, мандатынан ажыраткан. Мындай чечимди Боршайком УКМКнын жана Билим берүү министрлигиндеги маалыматына таянып чыгарган. Алардын маалыматына ылайык, Нарматова жогорку билими тууралуу дипломун мыйзамсыз алган. Анын мандаты «Бүтүн Кыргызстан» партиясындын талапкери Айгүл Айдаровага өткөн.

Нарматова өзү «мандатын мыйзамсыз тартып алышканын, сот адилеттигине ишенбегендиктен БШКнын чечими боюнча сотко кайрылбай турганын» белгилеген.

Ал эми 8-февраль күнү кечинде УКМКнын кызматкерлери «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимовду үйүнөн кармап кеткен. Андан соң анын үйүндө тинтүү жүргөн. Активисттин жубайы тинтүү жүргүзгөндөрдүн протоколунда «Орозайым Нарматованын диплому боюнча» кылмыш иштин алкагында деп жазылганын кабарлаган.

9-февралда УКМК Ураимовдун кармалганын тастыктап, ал «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Тема боюнча:

Башкы прокурор Жогорку Кеңештен Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүүнү сурады

«Түндө барып баса калган практиканы токтотпойсуңарбы?». Мадумаров Ураимовдун кармалышы тууралуу