«Азаттык» партиясынын төрагасы, генерал Исмаил Исаков Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кабыл алган №39 протоколдогу эң негизги маселе Ворух анклавына жол курууда эмес, андагы жазылган 1924-1927-жылдагы талаштуу документтерде деп билдирди. Ал протокол күчүнө кирсе, Баткен облусунун айрым райондору анклавда калып, эл өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө мажбур болот деп эсептейт.
«Дал ушул документтерге [протоколдо көрсөтүлгөн 1924-1927-жылдагы документ] колду коюп койсо, анда келечекте “Мына документ, кол койгонсуңар” деп үйлөрдү жолдун жээгине салдырып, ал эмес Баткен облусунун айрым райондорун анклавга айлантат дагы, элди өз ыктыяры менен чыгып кетишине мажбур кылат. Мына ошого алып бара турчу протокол», — деди ал.
Исаков тажик тарап №39 протокол менен кыргыз бийлигинин көңүлүн Ворух анклавына альтернативдик жол курууга буруп, 1924-1927-жылдагы Улуттук аймактарды бөлүштүрүү комиссиясынын жана 1989-жылыдагы паритеттик комиссиянын документтерин таануу боюнча кол койдуруп алууга аракет кылып жатат деген пикирде.
«Баары эле жолду сөз кылып, бирок анын артындагы илинчекти бири айта элек. Кеп жолдо эмес, бир эмес эки жол бар. [...] №39 протоколдун* эң катачылыгы ушунда болуп жатат. 1927-жылы иштеген комиссия 3-майда жыйынтыгын карашкан. Ошондо Исфара тарапты биз тарапка [Кыргызстанга] чечет. Ал убакта тажик тарап өзбектердин курамына кирчү. Өзбек тарап каршы чыгат, 4-майда комиссия өзбек тарапка чечет. Ал чечилгенде кыргыз тарап кайра каршы болуп, документтерин көрсөтө баштайт. Союз бийлиги чырды ырбатпаш үчүн үч жылга ушул маселеге келбөөгө мораторий коюшат. Үч жыл өтөт, бирок бул маселе каралбайт. Ошол бойдон илинип кала берген. Мына ошонун негизинде булар “Ворух анклав эмес” деп атышат», — деди ал.
*Өткөн жылы 28-апрелде эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына жакын аймакта бири-бирине таш ыргытып, кийин чыр куралдуу кагылышка алып келген. Анын кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза таап, Тажикстандын 19 жараны курман болгон.
Кийин 1-майда эки мамлекеттин өкмөттүк делегациялары чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча биргелешкен келишимге кол коюшкан. Анда №39 протокол кабыл алынганы белгилүү болгон. Өкмөттүк делегацияны эки өлкөнүн УКМК төрагалары — Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жетектеген.
2021-жылдын майы айынын башында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев №39 протокол боюнча түшүндүрмө берген. Ташиев №43 чекиттен №61 чекитке чейинки жана №135 чекиттен №141ге чейинки чек араны аныктоодо 1924-1927-жылдардагы документтер жана улуттук-аймактык демаркациянын материалдары, ошондой эле 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери жана материалдары колдонула тургандыгын айткан.
№ 43 жана № 61 тилкелери Лейлек районунун аймагында жайгашкан. Ал эми №135ден №141ге чейинки тилкелер Баткен районунун Карабак айыл аймагынан орун алган.
Исаков №39 протоколго эмне себептен мындай номер берилгенин чечмелеп, 1925-жылы Мургаб районун Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун жетекчилиги каршы болбогонуна карабай №39 протоколдун негизинде Тажик Автономиялуу облусуна берилгенин эске салды.
«№39 протоколго эмне үчүн ушул номерди койду? Эч ким караган да жок. Себеби 1925-жылы 2-январда союздун аткаруу бийлигинин төрагасынын алдында азербайжан улутунан Нариманов деген протокол менен биздин Мургаб районун Тоолуу Бадахшан менен кошуп, Тажик Автономдук облусунун курамына киргизип, Тажик Автономдуу Республика кылып чоңойтуп берген. Бирок биздин жетекчилер каршы болгон, колдорун койгон эмес. Ошол ошол бойдон илинип калган. Булар ошол тарыхый документтин номурун коюп жатышат. Ушул №39 протокол менен [1925-жылы Мургабды] алганбыз, эми №39 протокол менен бул жагын алабыз деп. Протоколдор менин колумда. Мен дагы биринчи маани берген эмесмин. Кийин карасам, жанагы протокол №39 экен», — деди генерал.
Исаков 27-январда Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолуккандагы Саймумин Ятимовдун* айткандарын «сөөмөйүн кезегендей» кабыл алганын белгиледи.
«Ятимов Ташиев менен жолукканда эмне деди. Эгер койгон колуңарды жок десеңер кайра чатак чыгат деп, чатактын башын чыгарганын өздөрү деле ачыкка чыгарып койду. Анын айткан сөздөрүн мен “Эй мына көрдүңөрбү” деп сөөмөйүн кезегендей кабыл алдым да», — деп түшүндүрдү Исаков.
Үстүбүздөгү жылдын 27-январында кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан соң Кыргызстандын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажиктсандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жолуккан. Андан соң эки өлкөнүн атайын кызматынын башчылары журналисттердин суроолоруна жооп беришкен. Ятимов өз сөзүндө кабыл алынган протоколдорду сактабоо «жаңжалдын чыгышына алып келет» деп айткан.
«Биз негизги документ катары 1924-1927 жылдары кабыл алынган протоколду, 1989-жылы кабыл алынган комиссиянын чечимин колдонуп жатабыз. Бул протоколдорду кылдат аткарышыбыз керек. Укуктук актылардан, кол коюлган протоколдордон четке чыгуу конфликттерге алып келет. [...] Биз 2021-жылдын 1-майында кабыл алынган №39 протокол тууралуу сүлөштүк. Бул эң маанилүү протоколдордун бири (башкалардай эле). 8 күндөн кийин так ушул протоколду ишке ашырууга киришебиз жана ушул протоколдун кабыл алынган пункттарынын (бөлүмдөрүнүн негизинде) иш жүргүзөбүз», — деген Ятимов.
Исмаил Исаков бийлик башындагыларга аталган документтерге таянбоону бир нече жолу айтканын эске салып, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди «шашма» деп сыпаттады. Анын пикиринде чек ара маселелеринде Кыргызстан эгемендик алгандан кийин кабыл алынган документтерди колдонуш керек.
«Биздин инилерибиз, биздин бийликте отурган, элдин эсебинен өздөрүн жакшы сезип, жакшы жерде жашап, жакшы унаа, жансакчысы менен жүргөн адамдарыбыз ушунун баарын иликтеп, карап, такташы керек эле да. Тактабай туруп, айтып чыккандарды “душман” деп карап атышпайбы. Мен бир нече жолу бул документтерге таянбагыла деп айткам. Бир гана союз тарагандан кийинки документтер менен иштешиңер керек, ошондо уят болбойсуңар. Кийин эл кыйкырса дагы айтасыңар, биз ратификация кылганбыз, 1991-1992-1994 жана 1996-жылы баары макул болгон, парламенттен өткөн, биз мындан кете албайбыз десе, эл дагы кабыл алат да. Аларды айтпай эле тигилер [тажик бийлиги] жазгандарына кол коюп жатышпайбы. [...] Менимче шашма да. “Биз келдик, мына чечтик, болду!” Мурда айтып жүрбөдү беле: “30 жыл эч ким чечпей, биз чечтик” деп. Бирок 30 жылдын ичинде мындай согуш, мындай өлүм болгон эмес да», — деди ал.
Кыргыз бийлиги эмне кылышы керек?
Исаков 1924-1927-жылдардагы жана 1989-жылдагы комиссиялардын материалдарына таянып, кол коюлган №39 протоколду «эл аралык келишимдерге шайкеш келбегендиги жана улуттун кызыкчылыгына жооп бербегендигине байланыштуу» жокко чыгаруу керектигин айтат.
«Делимитация иштерин жогоруда көрсөтүлгөн [1990-жылдан кийинки] эл аралык келишимдердин негизинде улантуу менен жол боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алып, 100 жылга чукул каттап жүргөн Ворух — Ак-Сай — Чорку — Исфара жолуна (Өзбекстан менен Сохтун жолун кошуп) эл аралык жол деген статус берип, оңдош керек. Чек арада жаңжал чыгар замат элдердин токтоосуз каттоосун камсыз кылып, алар дагы бизге ошондой шарт түзүп берүүсү зарыл», — дейт ал.
Аны менен катар Исаков «улуттун кызыкчылыгын коргоодо кетирген кемчиликтери, сүйлөшүү процессинде ратификацияланган эл аралык келишимдердин негизинде иш алып барбаганы үчүн» комиссиянын мүчөлөрүн толугу менен алмаштыруу керектигин белгиледи.
«Эң негизгиси чек ара кызматынын жетекчисинин жеке жоопкерчилигин жогорулатуу максатында Чек ара кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарыл», — деди ал.
Исаков Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги «маалыматтык согушту» токтотуп, элдин ынтымагы, биримдиги жана достугун калыбына келтирүүгө багытталган иштерге басым жасашы керектигин белгиледи.
Исмаил Исаков деген ким?
Исмаил Исаков 1973-жылы Ташкент шаарындагы Жалпы аскердик жогорку командалык окуу жайын аяктаган. Ал эми 1978-жылы Венгриядагы Марксизм-ленинизм университетин бүтүргөн.
1984-жылы ал Фрунзе атындагы Аскер академиясын, 1989-жылы «Выстрел» жогорку офицердик курсун аяктаган. 1996-жылы Орусия Федерациясындагы Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академиясын аяктаган. Ал эми 1998-жылы Италиянын Гуманитардык укуктук эл аралык институтунда билим алган.
Эмгек жолун 1973-жылы Венгрияда взвод командир болуп баштаган. 1978-1981-жылдары аралыгында Украинада рота командири, штаб жетекчисинин орун басары, аскердик жетекчиликтин ар кандай тепкичтеринде эмгектенген.
1994-1999-жылдары Кыргызстандын Коргоо министрлигинин башкы штабынын башчысы жана министрдин биринчи орун басары болгон. Ал эми 2000-2005-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитеттин төрагасы кызматын аркалаган.
Ал 2005-2008-жылы коргоо министри, 2008-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болсо, 2010-жылы коргоо министринин милдетин аткаруучу, убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.
Ал эми 2010-жылы Исаков Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына шайланып келген.
Тема боюнча дагы окуңуз:
Кыргызстан менен Тажикстан Хожаи Аъло — Ворух жолун курууну макулдашты
«Катастрофа жана жол берилгис нерсе». Саясат талдоочу Айданбек Акматов Ворухка жол куруу тууралуу
«Лейлек эч качан анклав болбойт». Ташиев Тажикстан менен cүйлөшүүлөр боюнча