Лейлек: Чек ара аймагында жүргүзүлгөн иштер убактылуу токтотулду

Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик чек ара аймагында жүргүзүлүп жаткан бардык иштер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 11-февралда УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Максат айылынын аймагында Тажикстандын 15-20 жараны чогулганы кабарланган.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, тажикстандыктар кыргыз тараптан Максат айылынын аймагында жүргүзүлгөн чарбалык жумуштарды токтотууну талап кылышкан. Ошол эле учурда коңшу өлкөнүн жарандары чек аранын такталбаган тилкесинде тосмонун пайдубалын куюуга даярдык көрө башташкан.

«Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун аймактык башкармалыктарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, анда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү маселеси макулдашылды», — деп билдиришти мекемеден.

Эки тараптан тең чогулган эл таратылды. Кыргызстандын Чек ара кызматы 11-февраль саат 18:00го карата кырдаал туруктуу экенин белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

27-январда Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда чыр чыккан. Алгач саат 17:50дөрдө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары келип, таштар менен Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Тажик чек арачылары болсо жаңжалды «кыргыз тарап ырбатты» деп билдирген.

Саат 19:30да эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, ок атуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы окту биринчи болуп тажик аскерлери чыгарды деп маалымдаган. Ал эми Тажикстандын чек арачылары бул маалыматты четке кагып, «жаңжалдын чыгышына кыргыз тарап күнөөлүү» деп билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан миномёт жана гранатомёт менен ок атканын кабарлаган. Ал эми Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарап учкучсуз учуучу учактарды колдонуп «Тажикстандын аба мейкиндигин бузду» деп билдиришкен.

Ал эми кыргыз чек арачылары тажик тарап Кыргызстан учкучсуз учактарды колдонду деп маалыматты бурмалап жатканын айткан.

Кыргыз бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалда келтирилген материалдык чыгым 3 миллион сомду түзгөнүн кабарлады.

Чек арадагы ок атышууда эки сарай өрттөлүп, бир нече турак жай жана эки унаа талкаланган. Ошондой эле бодо мал уурдалган фактылар катталган.

Ал эми Тажикстандын Исфара шаарынын мэриясы жаңжалдын чыгымы 1,5 млн сомони (болжол менен 133 000 доллар) түзгөнүн кабарлады. Тажик бийлиги чырда 52 турак жай жараксыз абалга келгенин белгилеген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы аталган жаңжал боюнча «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын чек арачылары менен айрым жарандарына кылмыш ишин козгогон.