«Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү, активист Гүлжигит Исаков бийликтеги «эки доско»* кайрылып, кыргыз-тажик чек арасы боюнча №39 протоколду ратификацияга жеткирбей жокко чыгарууну сунуштады.
«№39 протокол жумушчу документ. Акыркы документ эмес. Ратификациядан өтпөйт! Садыр Жапаров кол коё албайт! Ратификацияга жеткирбей эле, Садыр Жапаровго жеткирбей эле жокко чыгарып салышыбыз керек. Ушул сунушту кабыл алып, аткаргыла, эки дос!» — деп жазды ал кайрылуусунда.
*Исаков «эки дос» деп президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып жатат. Алар көп жылдык достордон.
Активист эгерде Кыргызстан менен Тажикстан №39 протоколдогу 1924-1927-жылкы карталарга таяна турган болсо, анда тажик тарап этникалык кыргыздар жашаган Жерге-Тал, Мургаб райондорун жана Тоолуу Бадахшан автономдук облусун кайтарып берсин деген талап койду.
«Ар бир келишимде өзүнүн ынгайлуу жерин гана чүмчүлөп, “Чек ара маселесин биздин ыңгайыбызга чечпесеңер чыр чыга берет” деп шантаж* жасай берген тажик тарап, албетте, өз ордуна коюлат!», — деди ал.
*Үстүбүздөгү жылдын 27-январында кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан соң Кыргызстандын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажиктсандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жолуккан. Андан соң эки өлкөнүн атайын кызматынын башчылары журналисттердин суроолоруна жооп беришкен. Ятимов өз сөзүндө кабыл алынган протоколдорду сактабоо «жаңжалдын чыгышына алып келет» деп айткан.
«Биз негизги документ катары 1924-1927 жылдары кабыл алынган протоколду, 1989-жылы кабыл алынган комиссиянын чечимин колдонуп жатабыз. Бул протоколдорду кылдат аткарышыбыз керек. Укуктук актылардан, кол коюлган протоколдордон четке чыгуу конфликттерге алып келет. [...] Биз 2021-жылдын 1-майында кабыл алынган №39 протокол тууралуу сүлөштүк. Бул эң маанилүү протоколдордун бири (башкалардай эле). 8 күндөн кийин так ушул протоколду ишке ашырууга киришебиз жана ушул протоколдун кабыл алынган пункттарынын (бөлүмдөрүнүн негизинде) иш жүргүзөбүз», — деген Ятимов.
№39 протокол
Өткөн жылы 28-апрелде эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны «Головной»* суу бөлүштүрүүчү жайына жакын аймакта бири-бирине таш ыргытып, кийин чыр куралдуу кагылышка алып келген. Анын кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза таап, Тажикстандын 19 жараны курман болгон.
*Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы жайгашкан. Анда Ак-Суу дарыясынан аккан суу бөлүштүрүлөт. «Головной» стратегиялык объект катары таанылып, аны Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кайтарышат.
Кийин 1-майда эки мамлекеттин өкмөттүк делегациялары чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча биргелешкен келишимге кол коюшкан. Анда №39 протокол кабыл алынганы белгилүү болгон. Өкмөттүк делегацияны эки өлкөнүн УКМК төрагалары — Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жетектеген.
Протоколго ылайык, Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын* байланыштырган жаңы жол Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы.
*Ворух — Баткен облусундагы Тажикстандын анклавы. Ал жерде 130 чарчы километрде 35 миңге жакын калк жашайт. Эки өлкөнүн бийлиги СССР тарагандан кийин ондогон жылдар өтсө дагы, чек арасын тактай албай келет. Мындан улам анклавдын айланасында чек арага байланышкан чырлар тынчыбай келет.
Жолду тажик тарап колдонуп, өзү тейлей турганы маалымдалган. Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат. Айланма жол Баткен районунун Капчыгай (Таңги) калктуу конуштун чыгыш тарабы аркылуу өтөрү белгиленген. Ошондой эле, жолдун курулушу тез арада башталышы үчүн топографиялык жумушчу тобуна долбоор боюнча уюмдар менен бирге 2021-жылдын 1-июнуна чейин аталган тилкенин «Баткен районунун иш жүзүндө колдонушун» изилдөө тапшырылган.
2021-жылдын майы айынын башында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев №39 протокол боюнча түшүндүрмө берген. Ташиев №43 чекиттен №61 чекитке чейинки жана №135 чекиттен №141ге чейинки чек араны аныктоодо 1924-1927-жылдардагы документтер жана улуттук-аймактык демаркациянын материалдары, ошондой эле 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери жана материалдары колдонула тургандыгын айткан.
*№ 43 жана № 61 тилкелери Лейлек районунун аймагында жайгашкан. Ал эми №135ден №141ге чейинки тилкелер Баткен районунун Карабак айыл аймагынан орун алган.
Камчыбек Ташиев Ворухка жол куруу тууралуу
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Лейлек району эч качан анклав болбойт, ал эми Кыргызстандын аймагында Тажикстандын Ворух анклавына коридор берилбейт» деп айткан.
Ал «саясатчылар, блогерчалыштар жана кээ бир депутаттар Кыргызстанда Тажикстандын анклавына транспорттук коридор берилет» деп элге жалган маалымат таратып жатышат деп билдирди.
«Ворухга жол бериш үчүн биринчиден ал жолдун статусун аныктап чыгышыбыз керек. [...] Чоң келишим түзүлүп, ошондон кийин гана чечим кабыл алынат. Анан жок эле жерден Лейлек анклавда калат деген туура эмес, Лейлекти эч качан анклавда калтырбайбыз. Рават — Ак-Сай менен да жана сөзсүз түрдө Төрт-Көчө менен да жол болот», — деп түшүндүргөн УКМКнын төрагасы.