Травматология борборуна кайра дайындалган жетекчини жамаатка Жумабеков тааныштырды

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна (ТОИИБ) кайрадан жаңы жетекчи дайындалды. Эми башкы врачтын милдетин Памир Муратов аткарат. Бул тууралуу Cаламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматты «Клоопко» ТОИИБден тастыкташты.

ЖМКнын маалыматына караганда, Памир Муратов буга чейин Бишкектин Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборун башкарган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Vesti.kg басылмасына маек куруп, Памир Муратовду кызматка дайындоо чечимин өзү кабыл алганын айтты.

«Ал оорукананы бутуна тургузат деп ишенем. Көп жылдар бою башкы врач болуп иштеген жана жакшы уюштуруучу экенин далилдеген. Бүгүн аны жамаатка тааныштырышты», — деп билдирди Бейшеналиев.

Аны менен катар, Бейшеналиев ТОИИБге февралдын башында дайындалган жетекчи Дамир Дүйшөнов башкы врач кызматынан баш тартканын маалымдады. Министрдин айтымында, буга Дүйшөнов мене Жумабековдун кайым-айтышуусу себеп болгон.

«Дамир Дүйшөнов ошол жерде 14 жыл иштеген. Сабырбек Жумабеков экөө бири-бирин жакшы билишет. Экөө бири-бирин сындап, айыптап башташты. {...} Кимисиники туура, кимиси туура эмес коомчулук чечет. Мунун баарын эске алып, Дүйшөнов оорукананын пайдасына кызматтан баш тартты», — дейт ал.

Ал эми саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев «Акипресс» басылмасына курган маегинде жаңы жетекчини жамаатка ТОИИБдин мурдагы башчысы, академик Сабырбек Жумабеков өзү тааныштырганын белгиледи.

«Жумабеков жаңы дайындалган жетекчини тааныштырып, жамаат менен коштошту», — деп билдирди ал.

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Сабырбек Жумабеков дагы азырынча үн ката элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ТОИИБ жолюлуп, ордуна Клиникалык ьез жардам ооруканасы түзүлмөкчү. Ал бардык тиешелүү документтер кайра каттоодон өткөндөн кийин ишке ашат.

Дамир Дүйшөнов жөнүндө эмне белгилүү?

Дүйшөнов 44 жашта. Ал Бишкектеги Медициналык академиянын дарылоо факультетин аяктаган. 2004-жылдан 2019-жылга чейин Бишкек ТОИИБде врач-травматолог болуп эмгектенген.

Андан кийин Токмок аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Сабырбек Жумабеков «Шапалак» Youtube-каналына маек куруп, ТОИИБдин жаңы жетекчиси Дамир Дүйшөнов протездерди ташыган «ортомчу фирманын» ээси экенин билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстанга операциялар үчүн импланттар «аткез жолу менен алып келинет. Дүйшөновдун фирмасы протездерди «бажы процедуралардан өткөрбөстөн, өлкөгө мыйзамсыз киргизет».

Бирок ошол эле учурда, Жумабеков буга чейин Дүйшөновдон өзү да протез алып жүргөнүн тастыктап, «эгерде Кыргызстанга аткез жол менен протездер келбегенде операциялар жасалбай, бейтаптар өлө баштайт» деген пикирин айткан.

Травматология борборунун айланасындагы чуу

4-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков кызматынан бошотулганын жана борбордун базасында клиникалык тез жардам ооруканасы ачыларын билдирген.

Министрдин айтымында, Жумабеков оорукананы менчиктеп алган жана «туугандары менен тааныштарын кызматка алган».

Жумабеков болсо кайра түзүү аны кызматтан алуу үчүн гана жасалганын айтып, ага коюлган айыптардын баарын четке каккан.

Андан соң, жамаатка Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаңы дайындалган директорду — Гүлия Кожокматованы жана башкы дарыгер Дамир Дүйшөновду тааныштырууга аракет кылышкан. Бирок жамаат аларды имаратка киргизбей койгон.

5-февралда Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында митинг болуп өткөн. Чогулгандар Алымкадыр Бейшеналиев «реформаны туура эмес жасап жатат» деп анын отставкасын талап кылышкан. Ал эми Бейшеналиев өзү кызматын тапшыруу ниети жок экенин билдирген.

Гүлия Кожокматова оорукананын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу болуп аз гана убакыт болсо да ага карата айтылган сындар менен эсте калууга жетишти. Ал бул кызматка 4-февралда дайындалып, 8-февралда бул кызмат жоюлуп кеткен.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Жумабеков: Операциялар үчүн импланттарды Кыргызстанга аткез жол менен Дүйшөнов алып келет