Жумабеков: Операциялар үчүн импланттарды Кыргызстанга аткез жол менен Дүйшөнов алып келет

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун (ТОИИБ) мурдагы жетекчиси Сабырбек Жумабеков «Шапалак» Youtube-каналына маек куруп, ТОИИБ жоюлуп, анын ордуна түзүлгөн Медициналык тез жардам клиникасынын жетекчиси Дамир Дүйшөнов протездерди ташыган «ортомчу фирманын» ээси экенин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга операциялар үчүн импланттар «аткез жолу менен алып келинет. Дүйшөновдун фирмасы протездерди «бажы процедуралардан өткөрбөстөн, өлкөгө мыйзамсыз киргизет».

Бирок ошол эле учурда, Жумабеков буга чейин Дүйшөновдон өзү да протез алып жүргөнүн тастыктап, «эгерде Кыргызстанга аткез жол менен протездер келбегенде операциялар жасалбай, бейтаптар өлө баштайт» деген пикирин айтты.

«Түндөп дарыларды алып келип, бейтаптарга сатышат, менин катышуум жок. Анткени мен ага көздү жумуп атам. Мен көздү ачып койсом анда операция болбой калат. Бул нерсе бир гана менде эмес. Бүт Кыргызстан боюнча ошондой. Күнөө Саламаттык сактоо министрлигинде жана Дары менен камсыздоо департаментинде. Контрабандалык жол менен ташыган фирмага деле рахмат! Ал ортомчу фирма бейтаптын өзүнө сатат же дарыгер менен биригип, аларга түшүндүрүп анан сатат. Эртең менен келсек протез даяр болуп туруп калат. Мен врачмын, ошону алып, операция жасап берип атам. Эми ошол ортомчу фирманын жетекчиси менин ордума коюп аткан Дамир [Дүйшөнов] деген врач ушул», — деди Жумабеков.

Сабырбек Жумабековдун айтымында, протездер Кыргызстандан чыкпайт, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөдөн келген импланттар үчүн «бир тыйын бөлбөйт». Ошондой эле Жумабеков министрликтин алдындагы Дары менен камсыздоо департаменти ушул күнгө чейин Кыргызстанга протез ташыган ишканаларга тиешелүү сертификаттарды бербей келген деп белгиледи.

«А биз бейтаптарды операция кылышыбыз керек. Күнүнө 15-20 имплант коюлуш керек. Булар [ССМ] фирмаларга шарт түзүп бербесе эмне кылабыз? Менин максатым бейтапты операция жасап, үйүнө чыгарышым керек. Бейтап имплантты кайдан аласың — аны менен башы оорубайт. Болгону “операция жаса” дейт. Жасабасам мен мыйзам бузган болом», — деди Жумабеков.

Ошондой эле, Жумабеков Дамир Дүйшөнов башкы дарыгер болгондон кийин өзүнүн фирмасы алып келген импланттарды койдура баштайт деген божомолун айтты.

«Бирок ал алып келип аткан протездер жакшы. Биз аны лабораториядан өткөргөнбүз. Металдын сапаты жакшы болуш керек. Адамга киргенде чирибеш керек. Мен эки органга [Саламаттык сактоо министрлигине жана Дары менен камсыздоо департаментине] команда бере албайм да: “каттодон өткөрүп, сертификат бергиле” деп», — деп сөзүн жыйынтыктады Жумабеков.

Дамир Дүйшөнов тууралуу эмне белгилүү?

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору (ТОИИБ) жоюлгандан кийин анын ордуна түзүлгөн Медициналык тез жардам клиникасына Дамир Дүйшөнов жетекчи болуп дайындалган.

Саламаттык сактоо министрлигинен борбордун директору деген кызмат жоюлганын, эми оорукананы башкы врач жетектей турганын билдиришти.

Дүйшөнов 44 жашта. Ал Бишкектеги Медициналык академиянын дарылоо факультетин аяктаган. 2004-жылдан 2019-жылга чейин Бишкек ТОИИБде врач-травматолог болуп эмгектенген.

Андан кийин Токмок аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Травматология борборунун айланасындагы чуу

4-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков кызматынан бошотулганын жана борбордун базасында клиникалык тез жардам ооруканасы ачылганын билдирген. Министрдин айтымында, Жумабеков оорукананы менчиктеп алган жана «туугандары менен тааныштарын кызматка алган».

Жумабеков болсо кайра түзүү аны кызматтан алуу үчүн гана жасалганын айтып, ага коюлган айыптардын баарын четке каккан.

Андан соң, жамаатка Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаңы дайындалган директорду — Гүлия Кожокматованы жана башкы дарыгер Дамир Дүйшөновду тааныштырууга аракет кылышкан. Бирок жамаат аларды имаратка киргизбей койгон.

5-февралда Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында митинг болуп өткөн. Чогулгандар Алымкадыр Бейшеналиев «реформаны туура эмес жасап жатат» деп анын отставкасын талап кылышкан. Ал эми Бейшеналиев өзү кызматын тапшыруу ниети жок экенин билдирген.

Гүлия Кожокматова оорукананын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу болуп аз гана убакыт болсо да ага карата айтылган сындар менен эсте калууга жетишти. Ал бул кызматка 4-февралда дайындалып, 8-февралда бул кызмат жоюлуп кеткен.

Авторлошу: Элдияр Бакиров