Жалал-Абад шаардык прокуратурасы Алимжан Батыров атындагы Эл достугу университетинин спорт залы 0,15 гектар жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Аталган окуу жай маркум экс-депутат Кадыржан Батыровго таандык болгон.
Көзөмөл органдан 1,5 миң чарчы метрлик спортзалдын баасы 37 млн 480 миң сомго барабар экенин аныкташкан.
Башпрокуратуранын маалыматына ылайык, 2013-жылы Сузак райондук соту Батыровго таандык университеттин окуу корпусун жана анын айланасындагы 3,6 миң чарчы метр жер тилкени мамлекеттин эсебине конфискациялаган. Бирок окуу жайдын жанында жайгашкан спорт зал «Дустлик» ачык акционердик коомунун карамагында калып калган.
«Аталган спорт залды мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында Жалал-Абад шаардык прокуратурасы сот органдарына доо арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылып, кыймылсыз мүлк объектиси мамлекеттин балансына алынды», — деп билдиришти көзөмөл органдан.
Кадыржан Батыровдун иши
Саясатчы Кадыржан Батыров 2010-жылы бийлик аны «Кыргызстандын түштүгүндөгү массалык башаламандыктарды уюштурган» деп айыптаган соң өлкөдөн чыгып кеткен. Тергөөнүн версиясы боюнча, саясатчы кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы этникалык араздашууну чыгаргандардын бири болгон.
Ал «куралдуу козголоң» жана «улуттар аралык жаңжалды чыгарганы» үчүн сыртынан өмүр бою абакка кесилген. Ошондой эле сот Батыровдун «Дустлик» ААКсынын 85,15% үлүшүн конфискациялаган.
Өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Батыров Швециядан саясий башпаанек алган. 2016-жылы Батыров адам укуктарына арналган ЕККУнун Варшавадагы жолугушуусуна катышкан.
Ал Кыргызстандын бийлигин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы турган оппозицияга басым көрсөтүүдө анын атын колдонуп жатат деп айыптаган. Ошондон кийин бийлик ЕККУнун Кыргызстандагы борборунун макамын төмөндөткөн.
Батыров 62 жашында 2018-жылдын декабрь айында Украинанын Одесса шаарында дүйнө салган.
Июнь окуясы
Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык жаңжалды иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик жумушчу топтун акыркы маалыматына ылайык, 2010-жылдын июнундагы кагылышта 442 адам набыт болгон. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча жаңжалдын биринчи күнүндө эле 800дөй киши каза тапкан.
2021-жылдын 2-апрелинде президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине 2010-жылдагы июнь окуясына байланышкан материалдарды изилдеп чыгуу тапшырмасын берген. Ал эми 16-апрелде УКМК «июнь коогалаңы» боюнча тергөө кайрадан жанданган.
Тергөөнүн алкагында саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев атайын кызматка сурак беришкен.
ТЕМА БОЮНЧА: