Азимбек Бекназаров июнь окуясы боюнча сурак берип жатканы айтылды

Материал 14:38де жаңыртылды

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурада 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча сурак берип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Бекназаров 2010-жылы убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болгон — прокуратура жана каржы полициясын жетектеген.

Көзөмөл органы 2021-жылдын декабрь айында 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди, саясатчы Бектур Асановду, ошол кездеги УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевди суракка алган.

Маалыматка ылайык, саясатчылар суракка күбө катары чакырылышкан. Ал учурда Текебаев Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, Дүйшөбаев УКМК башчысы, ал эми Асанов Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турган.

Иликтөөнү жанданышы

2021-жылдын 2-апрелинде президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине 2010-жылдагы июнь окуяларына байланышкан материалдарды изилдеп чыгуу тапшырмасын берген. Ал эми 16-апрелде УКМК «июнь коогалаңы» боюнча тергөө кайрадан жанданаарын кабарлаган.

Атайын кызматтан текшерүү Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине мыйзамсыз көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата да жүргүзүлөт деп билдиришкен.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында массалык башаламандыктын келип чыгышына түрткү болгон себептер жана шарттар иликтенет, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине соңку юридикалык баа берилет», — деген атайын кызмат.

Муну менен бирге, «кайгылуу окуялардын алдын алуу» үчүн тийиштүү чара көрбөгөн облустук деңгээлдеги кызмат адамдарынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин иш-аракеттерине да баа берилери кошумчаланган.

Кадыржан Батыров — Жалал-Абаддык ишкер, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун мурдагы лидери катары белгилүү болгон. 2010-жылы ал өлкөдөн чыгып кеткен. Кыргызстан бийлиги Батыровду улуттар аралык араздашууну козуткан деп айыптаган.

Кийинчерээк, ал «куралданган козголоңчу» жана «улуттар аралык чыр-чатакты козуткан» деген айып менен сыртынан соттолгон. Анын мүлкү конфискацияланып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Батыров 2018-жылы декабрь айында 62 жаш курагында Украинанын Одесса облусунда дүйнө салган.

Июнь коогалаңы

2010-жылдын 10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган.

Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Июнь коогалаңын иликтеген Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен.

Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган. Ал эми материалдык чыгым 2,2 млрд деп бааланган.

Башкы прокуратура июнь окуясы боюнча 5 642 кылмыш ишин козгогон. Алардын эң көбү «Уурдоо», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу», «Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу» жана «Киши өлтүрүү» беренелери менен катталган.

Аталган кылмыштардын 360ынын гана бети ачылган — бул жалпы кылмыштардын 6,3 пайызын түзөт. Жалпысынан 511 кишиге айып тагылган. Ал эми 3919 кылмыш ишинин тергөөсү убактылуу токтотулган жана 13 иш биротоло токтотулган.

Өлкө боюнча 10 жыл аралыгында соттор 470 кишиге карата 254 кылмыш ишин караган. Анын ичинен 440 адамга 224 иш боюнча айыптоо өкүмү чыкты. Ал эми 28 иш боюнча 28 адамдын иши токтотулган. Ошондой эле, Башкы прокуратурадан эки кылмыш ишинин алкагында эки адамга медициналык мажбурлоо чаралары колдонулганын билдиришкен.

Экс-башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, кылмышка шектүү адамдардын көпчүлүгү өлкөдөн качып кеткениндигине байланыштуу көптөгөн кылмыш иштери аягына чейин тергелген эмес. Учурда издөөдө жүздөн ашуун адам жүрөт. Мындан тышкары этникалык кагылыштарды уюштурду деген шек менен 37 киши эл аралык издөөгө берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Экс-президент Роза Отунбаева: Июнь коогалаңын эл өзү токтотту

«Ар саатта эскеребиз». Ош коогалаңында жолдошунан айрылып беш баласы менен калган Махабат

Сүрөт баян: Июнь коогалаңында өрттөнүп кеткен имараттар кандай өзгөрдү?