Эдил Байсалов өлкөдө пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу керектигин билдирди

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда пенсия курагын жогорулатуу керек деп билдирди. Бул тууралуу чиновник 17-февралда Социалдык фонддун пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу демилгесин талкуулоо боюнча парламенттин жыйынында айтты.

«[Ошондой эле] пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу керек — бул дүйнөлүк практика, биздин кошуналар да ушул кадамга барышты. [Бирок биз баарын таразалап көрүп чечим кабыл алышыбыз керек]», — деди Байсалов.

Учурда Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жашты түзөт. Ошондой эле, пенсияга эрте чыгууга жеңилдик алгандардын тисмеси бар. Мисалы, ал тизмеге күч түзүмдөрдүн кызматкерлери, бийлик тоолуу аймакта жашап иштеген кыргызстандыктар кирет.

Орусиянын пенсиялык реформасы

Орусия — жакында эле пенсиялык реформа жүргүзгөн эң жакын өлкөлөрдүн бири. 2018-жылы президент Владимир Путин пенсия курагын (2028-жылга чейин) аялдар үчүн 55 жаштан 60 жашка чейин жана эркектер үчүн 60 жаштан 65 жашка чейин акырындык менен көтөрүүнү шарттаган мыйзамга кол койгон.

Реформанын зарылдыгын орус бийлиги өлкөдө төрөлүмдүүлүк азайып, өмүрдүн орточо узактыгы өскөнү менен түшүндүргөн. Орусиянын ошол убактагы премьер-министри Дмитрий Медведев өлкөдө эмгекке жарамдуу калктын үлүшү азайып жатканын, бул «мамлекеттин социалдык милдеттерди аткара албай калышына алып келиши мүмкүн» деп белгилеген.

Пенсиялык реформа Орусияда массалык нааразылыктардын чыгышына алып келген — нааразылык өлкөнүн 80ге чукул шаарын камтыган. Нааразылыкка чыккандар бийликтен реформаны бир аз жумшартуу талабын аткартышкан — алгач аялдардын пенсиялык курагын 8 жылга жогорулатууну каалашкан эле.

2018-жылдын 1-июлунда пенсия реформасына байланыштуу Краснодардагы митинг. Сүрөт: Мария Иванова/ «Новая Газета»

Пенсиялык реформа калктын орус бийлигине жана жеке президент Владимир Путинге болгон ишенимине таасир эткен. Реформа тууралуу буйрукка кол коюлгандан жарым жыл өткөн соң Медведев баштаган өкмөт отставкага кеткен.