«Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова минкабдын интернетте фейк маалыматтар боюнча токтомунун долбоорун сынга алды.
«Ушул убакытка чейин ар-намыс, кадыр-барк жана ишкердик беделди коргоого багытталган талаш-тартыштар соттордо чечилип, жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынып келет. Эми кайсы бир орган өзүнүн баасын берет. Бул антиконституциялык механизм», — деп билдирди Жакупова.
Андан тышкары, Жакупова бул документ жарандардын кеңири чөйрөсүнүн конституциялык укуктарына билинбестен таасирин тийгизет жана сайттардын ишине бөгөт коюу Министрлер кабинети тарабынан эмес, мыйзам менен жөнгө алынышы керек экенин баса белгиледи.
«Бирок эң башкысы жана коркунучтуусу — соттук эмес органдар түзүлүп, соттордун функциясын алмаштыруу болуп жатат жана бул токтомдун авторлору судьялардын статусуна шек келтирип жатат», — деди укук коргоочу.
Жакупова Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдында байланыш тармагын жөнгө салуучу жана көзөмөлдөө боюнча дагы бир кызматты түзүү бюджеттен кошумча каражат бөлүүгү талап кылат деп кошумчалады.
Минкабдын токтомунун долбоору эмне жөнүндө?
14-февралда Маданият министрлиги Минкабдын интернеттеги жалган маалыматтар боюнча даттануу жөнүндөгү ченемдик укуктук актысынын долбоорун жарыялаган. Бул документ «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мызамдын иштешин толукташы керек.
Долбоордо ведомство сайттарды жана баракчаларды интернет-провайдер аркылуу жабууну сунуштап жатат. Маалымкат-негиздемесинде эгер кайсы бир адам чыккан маалыматты жалган десе, анда ал Санарип өнүктүрүү министрлигинин кызматына арыз менен кайрылышы керек.
Мамлекеттик органдан кайсыл бир сайттын ишине бөгөт коюуну эки айдын ичинде суранса болот. Эгер сайттын ээси маалыматты өз эрки менен өчүрсө, ага сатка кирүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан калыбына келтирип беришет.
Ведомство сунуштаган жободо, мамлекеттик орган арызды алгандан кийин 10 жумушчу күн ичинде интернет-провайдерлерге сайттын же анын баракчасынын ишин токтотуу боюнча буйрукту жөнөтөрү айтылат.
Мындай көрсөтмө алгандан кийин интернет провайдерлери сайттын ишин токтотуп, бул тууралуу маморганга кабарлашы үчүн 3 күн убактысы бар.
Бирок, ошол эле жободо маалыматтын жалган же чын экенин кайсы мамлекеттик орган текшере турганы айтылган эмес. Жободо арыз жазган киши толук эмес же такталбаган маалымат берген учурда, ошондой эле документтер шайкеш келбесе арызын кабыл албай коюга боло турганы гана жазылган.
Фейктер тууралуу мыйзам
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга кол койгон. Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом аны сынга алып, каршы чыккан.
Алар ошондой эле, мыйзамда укуктук механизмдер бар экенин, мындай талаштар жарандык арыз менен кайрылуу аркылуу сот тарабынан чечилерин айтышкан.
Мыйзам өзү экинчи аракеттен кийин гана кабыл алынган. 2020-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун биринчи вариантын иштеп чыгууга кайра жөнөткөн.
Документти алтынчы чакырылыштын депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Бирок Асылбаевага тиешелүү деп аталып калган. Себеби ал мыйзам долбоорун активдүү коргоп, сын айткан соцтармактын колдонуучуларын «фейктер жана троллдор» деп атаган.