Маданият министрлиги анык эмес маалыматтар үчүн сайттардын ишине кантип бөгөт коюларын түшүндүрдү

Маданият министрлиги минкабдын интернеттеги жалган маалыматтар боюнча даттануу жөнүндөгү ченемдик укуктук актысынын долбоорун жарыялады. Бул документ «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мызамдын иштешин толукташы керек.

Долбоордо ведомство сайттардын ишине жана баракчаларга интернет-провайдер аркылуу бөгөт коюуну сунуштап жатат. Маалымкат-негиздемесинде эгер кайсы бир адам чыккан маалыматты жалган десе, анда ал Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдында түзүлө турган кызматка арыз менен кайрылышы керек.

Мамлекеттик органдан кайсыл бир сайттын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуну эки айдын ичинде суранса болот. Эгер сайттын ээси маалыматты өз эрки менен өчүрсө, ага сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан калыбына келтирип беришет.

Ведомство сунуштаган жободо, мамлекеттик орган арызды алгандан кийин 10 жумушчу күн ичинде интернет-провайдерлерге сайттын же анын баракчасынын ишин токтотуу боюнча буйрукту жөнөтөрү айтылат.

Мындай көрсөтмө алгандан кийин сайттын ишин токтотуп, бул тууралуу маморганга кабарлашы үчүн интернет провайдерлерге 3 күн берилет. Ошол эле учурда, маалыматтын жалган же чын экенин кайсы мамлекеттик орган текшере турганы жободо жазылган эмес.

Жободо арыз жазган киши толук эмес же такталбаган маалымат берсе, ошондой эле документтер шайкеш келбесе анын арызы каралбай турганы гана айтылат.

Фейктер тууралуу мыйзам

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга кол койгон. Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом аны сынга алып, каршы чыккан.

Алар ошондой эле, мыйзамда укуктук механизмдер бар экенин, мындай талаштар жарандык арыз менен кайрылуу аркылуу сот тарабынан чечилерин айтышкан.

Мыйзам өзү экинчи аракеттен кийин гана кабыл алынган. 2020-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун биринчи вариантын иштеп чыгууга кайра жөнөткөн.

Документти алтынчы чакырылыштын депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Бирок Асылбаевага тиешелүү деп аталып калган. Себеби ал мыйзам долбоорун активдүү коргоп, сын айткан соцтармактын колдонуучуларын «фейктер жана троллдор» деп атаган.