ИИМ: Өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды

ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2021-жылы 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул үй-бүлөлүк зомбулук 2020-жылга салыштырмаалуу 12%га көбөйдү дегенди билдирет.

Министрликтин маалыматына ылайык, өткөн жылы 9 038 адамга коргоо ордени берилген. Анын ичинен ордердин 8 миң 463ү аялдарга, 311и эркектерге, 264 жашы жете элек өспүрүмдөргө ыйгарылган.

Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга дагы ордер берилген: эркектерге 8,5 миң ордер, аялдарга 439 ордер берилген. Эң көп коргоо ордерлери Бишкек шаарында, эң азы Талас облусуна берилген.

Коргоо ордери деген эмне?

Коргоо ордери- бул милиция кызматкерлери үй-бүлөдө зомбулук болуп жатканы аныкталган учурда зомбулукка барган жана андан жабырагандарга берүүгө милдеттүү болгон атайын документ. Ордер үч күнгө жарактуу, бирок аны 30 күнгө узартса болот.

Үй-бүлөлүк зомбулук жасаганы үчүн убактылуу коргоо ордерин алган адам анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды сактоого милдеттүү. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары аткарылбаса кылмыш жообуна тартылат жана анын колдонулушун токтотпойт.

Бирок, чындыгында, бул ордерлер дайыма эле ойдогудай иштей бербейт. «Сезим» кризистик борборунун юристи Ракыя Рахматованын айтымында, коргоо ордерин алууда эки негизги кыйынчылык бар: аны милиция адвокаттардын коштомо катысыз бербейт, ал эми ордердин өзүн үч күндөн кийин узартуу керек.

«ДИА» фондунун жетекчиси Авазкан Ормонова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын баары эле коргоо ордеринен кабардар эмес экенин белгилейт. Мындан тышкары, милиция үй-бүлөлүк зомбулук боюнча арызды кабыл алуудан баш тартып, ордер бербей койгон учурлар бар.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргызстанда жыл өткөн сайын үй-бүлөлүк зомбулук фактылар көп катталып жатат.

Зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.

Тема боюнча:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

ИИМ: Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөр жети суткага чейин камалат