Өзгөндө кой кайтарганы кеткен жигиттин сөөгү эки жумадан кийин табылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Өзгөн районунда кой кайтарганы чыгып кетип дайынсыз болгон 19 жаштагы жигиттин сөөгү эки жумадан кийин кар алдынан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден 23-февралда билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун Ана-Кызыл айылынын тургуну 5-февраль күнү кой кайтарганы чыгып кетип, бирок үйүнө кайткан эмес. Мындан улам анын ата-энеси милицияга арыз жазган.

Издөө иштеринин жыйынтыгында жигиттин сөөгү 19-февраль күнү өзүнүн айылында кар алдынан табылган.

Ош ОИИБден денеге сырттан кароо жүргүзүлгөндө ал киши колдуу болгон белгилер жок экенин билдиришти. Ошондой эле, милициядан аталган аймакта кар көчкү түшүп-түшпөгөнү боюнча билишпестигин, учурда териштирүү жүрүп жатканын айтышты.

Өткөн жылы өспүрүмдөр мал кайтарып жүрүп каза тапкан бир нече окуя катталган. 17-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 6 жаштагы бала мал айдап баратып, Канжыга дарыясына агып кетип каза болгон.

Ал эми 11-майда Ош облусунун Өзгөн районунда тоодо кой кайтарып жүргөн 8 жаштагы баланы сел агызып кеткен.

Мындан сырткары, 2021-жылдын 2-апрелинде Алай районундагы Терек айылында мал караганы кетип дайынсыз болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү кар көчкүнүн алдынан табылган.

ТЕМА БОЮНЧА: Алай: Мал кайтарганы кеткен өспүрүмдүн сөөгү 8 күндөн кийин табылды