Өзгөн: Тоодо кой кайтарып жүргөн 8 жашар баланы сел агызып, каза болду

Өзгөн районунун сел жүргөн аймагы. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Ош облусунун Өзгөн районунда 8 жашар бала селге агып каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-майда аталган райондун Акжар айыл аймагынын Большевик айылында саат 13:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн. Өспүрүм ошол учурда тоодо кой кайтарып жүргөндө аны сел суулары агызып кеткен.

«Ал эсин жоготкон абалда жергиликтүүлөр тарабынан табылып, ооруканага жеткенде каза болгон», — дешти ӨКМден.

Ушул эле күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу жааган жаандын кесепетинен да сел жүргөн. Мындан улам Ак-Кыя, Сары-Булак жана Кара-Кочкор айылдарында үйлөрдүн короолорун суу каптаган.

Селден жабыркаган Сары-Булак айылынын 200дөн ашуун тургуну Кара-Кочкор айылындагы Исмаилов атындагы орто мектебине жана туугандарынын үйүнө эвакуацияланган.

Мындан сырткары, кокту-колоттордон чогулуп түшкөн сел суу ташкындары Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун тосулушуна алып келген.

Жеринде милиция кызматкерлери, куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр болуп 50 адам иш алып барып, кийинчерээк жолдор ачылган.

Мындан сырткары, сел Баткен, Жалал-Абад облусундарында да жүрүп, турак жайлардын короолорун, үйлөрдүн ичин, жолдорду, көпүрөлөрдү каптады.

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Алай районундагы Терек айылында 14 жаштагы бала мал караганы кеткен боюнча дайынсыз болгон. Өспүрүмдүн сөөгү бир аптадан кийин кар көчкүнүн алдынан табылган.