Орусия: Мигранттардын медкароодон өткөнү тууралуу маалымкаттын мөөнөтү бир жылга узарды

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги 22-февралда өлкөгө узак мөөнөткө келген чет өлкөлүктөрдү медициналык кароодон өткөрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.

Жаңы эрежеге ылайык, чет элдиктердин ар кандай оорусу жоктугун күбөлөндүргөн медициналык аныктаманын жарактуулук мөөнөтү бир жылга чейин узарды (буга чейин ал үч айга чейинки мөөнөт болчу). Андан тышкары, эми чет өлкөлүктөр COVID’га тест тапшырышпайт.

Орусиянын саламаттык сактоо министрлигинен чет өлкөлүктөрдүн балдарына (6 жаштан 18 жашка чейин) жана студенттерге канында баңги же психотроптук заттардын бар же жогу боюнча анализ тапшыруунун кажети жок деп кошумчалашты.

Өзгөртүүлөр 2022-жылдын 1-мартынан тарта күчүнө кирет.

Эмгек мигранттары үчүн жаңы эрежелер

Орусияда чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүшү керек деген талап 2021-жылы киргизилген.

Орусияга келген мигранттарга кооптуу оорулардын бар же жогун аныктоочу медициналык текшерүүдөн өтүү, манжа изин тапшыруу жана сүрөткө түшүү милдеттүү болуп калган.

Эмгек мигранттары Орусияга киргенден кийин 30 күндүн ичинде нарколог, психиатр жана инфекционисттин кароосунан өтүүгө милдеттендирилген. Орусиянын ИИМи медициналык маалымкаттын жарактуу мөөнөтүү бүткөндөн кийин, тагыраагы, үч айдан соң мигрант кайрадан анализ тапшырышы керек болот деп билдирген эле. Ал эми Кыргызстандын ТИМи бул маалыматты төгүндөгөн.

Кезекте турган мигранттар. Сүрөт Нурайым Идирисованын Фейсбугунан алынды.

Мындан тышкары, Орусияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын үй-бүлөсү, үч айда бир рентгенден өтүп, кан жана зара анализин тапшырып, кургак учук, сифилис, пес оорусу жана ВИЧтин бар же жогу боюнча текшерүүдөн өтүшү керек болчу.

Эгерде мигранттар милдеттенмелерди аткарбаса, Орусия алардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскартып, билим алууга тыюу салып, жумушка уруксатын же патентин жокко чыгарып, окуусун жыйыштырууну талап кылмак болчу.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптары күчөтүлгөнүнө байланыштуу мигранттардын маселеси Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Депутаттар миграциялык эрежелердин катаалдашына жана андан Москвадагы миграциялык борбордун алдындагы узун кезек күтүүнүн жаралганына нааразы болушкан.

Кийинчерээк Кыргызстандын элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине кыргызстандыктарга «өзүнчө коридор ачууга жардам берүү өтүнүчү» менен нота жөнөткөн. 21-февралда коридор ачылган.