Элчилик Москвадагы кыргыз мигранттарына документ алуу үчүн өзүнчө коридор ачып берүүнү өтүндү

Москвадагы КФМБнын алдында кезекте турган мигранттар. Сүрөт Нурайым Идирисованын Фейсбугунан алынды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада иштеген кыргыз мигранттарына Көп функционалдуу миграциялык борборлордо (КФМБ) өзүнчө коридор ачып берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 17-февралда кабарлады.

ТИМ мындай билдирүүнү соцтармактарда Москвадагы «Сахарово» КФМБнын алдында мигранттардын узун кезеги тартылган сүрөт жарыялангандан кийин жасады.

Сүрөттү жарыялаган журналист Нурайым Идрисова таанышына таянып борбордун алдында беш жарым миңден ашуун кыргыз, өзбек жана тажик мигранттары документ алуу үчүн кезекте турганын билдирген.

Министрлик орус бийлиги 2021-жылдын 29-декабрында «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусу» жана «Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизгенин эске салды. Ага ылайык, Орусияга келген мигранттарга медициналык текшерүүдөн өтүү, манжа изин тапшыруу жана сүрөткө түшүү милдеттүү болуп калган.

«Тилекке каршы, жылдын башынан тарта аталган процедуралардан өтүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Учурда Москва шаарына жана облусуна келген Кыргызстандын жарандары үчүн бардык милдеттүү процедуралар көп функционалдуу миграция борборлорунда өткөрүлүп жатат — ал жерде узун кезектер байкалууда», — деп бериле ТИМдин маалыматында.

Мекемеден Кыргызстандын элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусиянын Мамлекеттик Дума жана Федерация кеңешмесинин депутаттары, ошондой эле бир катар министрликтердин өкүлдөрү менен жолугушканын билдиришти.

Ал эми 17-февралда Кыргызстандын элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн «өзүнчө коридор ачууга жардам берүү өтүнүчү» менен нота жөнөткөн. Анда элчилик орус бийлигинен кыргыз жарандарына медициналык текшерүүдөн өтүүдө, манжа изин тапшырууда жана сүрөткө түшүүдө жеңилдик берүүнү өтүнгөн.

Ошондой эле, ТИМден мигранттар медициналык кароодон үч айда бир жолу өтүүгө милдеттүү деген маалыматты четке какты. Мекемеден үч айлык мөөнөт документтерди ички иштер органдарына өткөрүп берүү үчүн каралган дешти.

Эмгек мигранттары үчүн жаңы эрежелер

Мигранттар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү Мамдуманын депутаттары 2021-жылдын 15-июнунда кабыл алган, ал эми 1-июлда ага президент Владимир Путин кол койгон.

Жаңы мыйзамга ылайык, өлкөгө узак мөөнөткө келген эмгек мигранттары жана чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө манжа изин калтырып, сүрөткө түшүп жана медициналык кароодон өтүшү керек.

Эмгек мигранттары Орусияга киргенден кийин 30 күндүн ичинде нарколог, психиатр жана инфекционисттин кароосунан өтүүгө милдеттендирилет. Медициналык маалымкаттын жарактуу мөөнөтүү бүткөндөн кийин, тагыраагы, үч айдан соң мигрант кайрадан анализ тапшырышы керек болот.

Эгерде мигранттар милдеттенмелерди аткарбаса же алардан айланадагылар үчүн кооптуу жугуштуу оорулар, ВИЧ-инфекциясы, баңгизат колдонуу фактысы аныкталса, анда Орусия алардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскартат.

Орусия мигранттарга билим алууга тыюу салып, жумушка уруксатын же патентин жокко чыгарып, окуусун жыйыштырууну талап кылышы мүмкүн.

Мыйзамга баш ийбеген мигранттарга үч жумушчу күндүн ичинде чара колдонулат.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптары күчөтүлгөнүнө байланыштуу мигранттардын маселеси Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешев кыргыз мигранттары үч ай сайын 6 миң рублга медкароодон өтүүгө аргасыз болуп жатышканын белгилеген.

Парламентте Кыргызстандын Евразиялык экономикалык комиссиясындагы өкүлдөрүнүн иши дагы сынга алынган. Эл өкүлү Бакыт Төрөбаев ЕАЭБге мүчө болуп жатканда эркин товар жүгүртүү, кыргызстандыктардын эркин жүрүүсү, капитал жана кызмат көрсөтүү маселелери талкууланганын белгилеген.

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов маселени орус бийлиги менен алдыда боло турган иш сапарында талкуулоону убада кылган.

Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, Орусияда 1 млн кыргызстандык эмгек миграциясында. Ал эми жалпысынан чет өлкөдө 1,1 млн кыргызстандык эмгектенип жүрөт.

Тема боюнча:

Тест: Чет өлкөдө иштеп келүүнү пландап жатасызбы? Эмгек миграциясына даяр же даяр эместигиңизди текшериңиз

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт