Бир кадр менен: Москвада документ алуу үчүн кезекте турган мигранттар

17-февралда журналист Нурайым Идирисова болжолу Москва шаарындагы көп функционалдуу миграциялык борбордо документ алуу үчүн узун кезекте турган мигранттардын сүрөтүн жарыялады.

Идирисованын айтымында, сүрөттү ага Москвада жашаган таанышы жөнөткөн. Анда тажик, өзбек, кыргыз жарандары баштаган беш жарым миңден ашык киши күндөп-түндөп кезек күтүп жатканын жазган.

Кезекте турган мигранттар. Сүрөт Нурайым Идирисованын Фейсбугунан алынды.

Былтыр декабрь айында Орусиянын Ички иштер министрлиги мигранттар өлкөгө киргенден кийин аткарышы керек болгон милдеттемелердин толук тизмесин жарыялап, эмгек мигранттары үчүн милдеттүү медициналык текшерүүнү киргизген.

Эмгек мигранттары үчүн жаңы эрежелер

Мигранттар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү Мамдуманын депутаттары 2021-жылдын 15-июнунда кабыл алган, ал эми 1-июлда ага президент Владимир Путин кол койгон.

Жаңы мыйзамга ылайык, өлкөгө узак мөөнөткө келген эмгек мигранттары жана чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө манжа изин калтырып, сүрөткө түшүп жана медициналык кароодон өтүшү керек.

Эмгек мигранттары Орусияга киргенден кийин 30 күндүн ичинде нарколог, психиатр жана инфекционисттин кароосунан өтүүгө милдеттендирилет. Медициналык маалымкаттын жарактуу мөөнөтүү бүткөндөн кийин, тагыраагы, үч айдан соң мигрант кайрадан анализ тапшырышы керек болот.

Орусиядагы мигранттар.

Эгерде мигранттар милдеттенмелерди аткарбаса же алардан айланадагылар үчүн кооптуу жугуштуу оорулар, ВИЧ-инфекциясы, баңгизат колдонуу фактысы аныкталса, анда Орусия алардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскартат.

Орусия мигранттарга билим алууга тыюу салып, жумушка уруксатын же патентин жокко чыгарып, окуусун жыйыштырууну талап кылышы мүмкүн.

Мыйзамга баш ийбеген мигранттарга үч жумушчу күндүн ичинде чара колдонулат.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптары күчөтүлгөнүнө байланыштуу мигранттардын маселеси Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешев кыргыз мигранттары үч ай сайын 6 миң рублга медкароодон өтүүгө аргасыз болуп жатышканын белгилеген.

Парламентте Кыргызстандын Евразиялык экономикалык комиссиясындагы өкүлдөрүнүн иши дагы сынга алынган. Эл өкүлү Бакыт Төрөбаев ЕАЭБге мүчө болуп жатканда эркин товар жүгүртүү, кыргызстандыктардын эркин жүрүүсү, капитал жана кызмат көрсөтүү маселелери талкууланганын белгилеген.

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов маселени орус бийлиги менен алдыда боло турган иш сапарында талкуулоону убада кылган.

Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, Орусияда 1 млн кыргызстандык эмгек миграциясында. Ал эми жалпысынан чет өлкөдө 1,1 млн кыргызстандык эмгектенип жүрөт.

Тема боюнча:

Тест: Чет өлкөдө иштеп келүүнү пландап жатасызбы? Эмгек миграциясына даяр же даяр эместигиңизди текшериңиз

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт