Укук коргоочулар «жалган маалымат» үчүн сайттардын ишине бөгөт койгон токтомго каршы чыгышты

«Адилет» укуктук клиникасы Минкабдын интернеттеги жалган маалыматтар боюнча даттануу жөнүндөгү токтом долбооруна кеңири анализ даярдады. Уюм документтин «жарандардын сөз жана оюн эркин билдирүүгө болгон конституциялык укуктарын чектөөгө алып келүү тобокелдиги жогору» деп эсептейт.

Минкабдын токтомунун долбоору эмне жөнүндө?

14-февралда Маданият министрлиги Минкабдын интернеттеги жалган маалыматтар боюнча даттануу жөнүндөгү ченемдик укуктук актысынын долбоорун жарыялаган. Бул документ «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мызамдын иштешин толукташы керек.

Долбоордо ведомство сайттарды жана баракчаларды интернет-провайдер аркылуу жабууну сунуштап жатат. Маалымкат-негиздемесинде эгер кайсы бир адам чыккан маалыматты жалган десе, анда ал Санарип өнүктүрүү министрлигинин кызматына арыз менен кайрылышы керек.

Мамлекеттик органдан кайсыл бир сайттын ишине бөгөт коюуну эки айдын ичинде суранса болот. Эгер сайттын ээси маалыматты өз эрки менен өчүрсө, ага сатка кирүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан калыбына келтирип беришет.

Болжолдонуп жаткан тобокелдиктер

Анализде долбоордо кайсы маалыматты «ар-намыска, кадыр-баркка жана ишкердик беделге шек келтирди» деп атаса болору так айтылган эмес. Токтомдун долбоору боюнча, аны Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуучу жана көзөмөлдөө кызматы чечет.

Уюм бул ыйгарым укуктардан аша чабууга же цензура киргизүү аракети болушу мүмкүн деп эсептейт. Себеби Мамлекеттик кызматтын адиси жеке ишенимине жана көз карашына карап өз алдынча чечим кабыл ала алат.

2021-жылдын 30-июнундагы «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга каршы митинг. Сүрөт: «Клооп».

Андан тышкары, «Адилет» укуктук клиникасы Кызматтын адистери ушундай чечимдерди кабыл алууга жетиштүү түрдө компетенттүү экенинен күмөн санайт.

Уюм бул маселелер сотто гана каралашы керектигин белгиледи.

«Маалыматтын жалган же анык эместигин, анын юридикалык фактысын бир гана сот аныктап жана тактоого укуктуу. Ал үчүн тийиштүү соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу керек», — деп жазылат анализде.

«Адилет» укук коргоочу уюму соттордо теңдик камсыздаларын, ал эми маалыматты жарыялаган тарап кызыкчылыгын коргоого укуктуу экенин эскертти.

«Сунушталган механизмде бул процедуралардын бири да жок», — деп кошумчалашты уюмдан.

Токтомдун долбооруна карата анализде арыз ээси сайттын ишин токтотуу боюнча талабында дооматын негиздебей деле койсо болору, арызында өздүк маалыматтары менен сайттын дарегин гана көрсөтүүсү жетиштүү экени айтылган.

«Арыз ээсине бардык укук берилген, ошол эле учурда маалыматты жарыялаган тарап же уюм анын аракетине карата жазылган арыздын каралышына катыша албайт. Демек өз укугун коргой албай калат», — деп баса белгилешти уюмдан.

Ошондой эле клиника сайттардагы маалыматты бөгөттөөдө колдонулган техникалык мүмкүнчүлүктөрдөн да күмөн санайт.

«Жобонун күчү Кыргызстандын интернет сегментине эле эмес, чет өлкөдө жайгашкан сайттарга жана баракчаларга, анын ичинде Facebook, Twitter, ВКонтакте жана башка ушул сыяктуу соцтүйүндөргө да жайылтылат. Эксперттер буга чейин да жеке колдонуудагы баракчаларга бөгөт коюуга мүмкүн эместигин айтышкан. Баракты бөгөттөө үчүн сайтты толугу менен жабууга туура келет», — деп айтылат анализде.

Укуктук клиникадагылар бир эле публикациянын айынан Кыргызстанда бардык соцтүйүндөр бөгөттөлүп калышы мүмкүн деп кооптонушууда.

Уюмдан бул документтин кабыл алынышы менен «сайттарды мыйзамсыз жабуу» коркунучуна көз карандысыз ЖМКлар, журналисттер жана интернет-провайдерлер туш болушу мүмкүн деп кошумчалашты.

«Адилет» укуктук клиникасы сайттарды мыйзамсыз жабуудан тийген зыянды ким компенсациялап берет деген суроо салды, себеби көпчүлүк ЖМКлардын негизги кирешеси сайтына жайгаштырылган жарнамадан түшөт.

Ошондой эле уюм Маданият министрлигинин токтомдун долбоорун жүзөгө ашырууга «республикалык бюджеттен кошумча каражат каралбайт» деген билдирүүсүн жалган деп атады.

«Байланышты көзөмөлдөө боюнча кызматын толуктоо үчүн кызматкерлердин кошумча штатын ачуу керек болот. Даттануулар көп түшүшү мүмкүндүгүн, аларды кароо мөөнөтү тар экенин эске алганда кызматкерлер көп керек болот», — деп айтылат анализде.

«Адилет» укуктук клиникасы «өлкөдөгү оор экономикалык абалды эске алып», «интернетте цензура орнотуу үчүн» каралган акчаны башка маанилүү маселелерди чечүүгө жумшоону сунуштады.

Уюм Минкабга кайрылып, токтом долбоорун чакыртып алууну талап кылды.

Фейктер тууралуу мыйзам

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга кол койгон. Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом аны сынга алып, каршы чыккан.

Алар ошондой эле, мыйзамда укуктук механизмдер бар экенин, мындай талаштар жарандык арыз менен кайрылуу аркылуу сот тарабынан чечилерин айтышкан.

Мыйзам өзү экинчи аракеттен кийин гана кабыл алынган. 2020-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун биринчи вариантын иштеп чыгууга кайра жөнөткөн.

Документти алтынчы чакырылыштын депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Бирок Асылбаевага тиешелүү деп аталып калган. Себеби ал мыйзам долбоорун активдүү коргоп, сын айткан соцтармактын колдонуучуларын «фейктер жана троллдор» деп атаган.