Кайра шайлоо. Эки округдан участкадан тышкары 1111 киши добуш берди

Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округундагы кайра шайлоого 1 111 киши көчмө добуш берүү аркылуу катышты.

БШКнын маалыматына ылайык, участкадан тышкары добуш берүүгө жалпы 1 253 шайоочудан арыз келип түшкөн. Көчмө добуш берүүгө алардын 88,6%ы катышты.

Биринчи май шайлоо округунан көчмө добуш берүүгө 397 киши арыз берсе, анын 338и же 85%ы шайлоого катышты. Ал эми Свердлов шайлоо округунан 856 адамдан көчмө добуш берүүгө арыз түшсө, анын 773ү же 90%ы добуш берди.

Көчмө добуш берүү деген эмне?

Көчмө добуш берүү шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу участкага келе албаган шайлоочулар үчүн уюштулат. Ошондой эле, төмөнкү адамдар көчмө добуш берүүгө арыз бере алат:

  • добуш берүү күнү ооруканада жаткан адамдар, камактагылар;
  • алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймакта, алыскы жайыттарда убактылуу жашаган адамдар;
  • добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардан алыс жерде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери;
  • добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
  • жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштегендер;
  • вахта ыкмасында иштеген жумушчулар.

Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.

Бирок шайлоодо Свердлов жана Биринчи май округунда «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган. Бүгүн, 27-февралда кайрадан парламенттик шайлоо өтүп жатат. Кайра шайлоодо №27 Биринчи май округунан 25, №29 Свердлов округунан 25 талапкер депутаттыкка ат салышууда.

Тема боюнча:

Бир мандаттуу эки округдан кайра шайлоого катышуу үчүн 53 талапкер катталды

Свердлов жана Биринчи май округунда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өтүп жатат