Бир мандаттуу эки округдан кайра шайлоого катышуу үчүн 53 талапкер катталды

Сүрөт: Айдай Токоева/Kloop

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу округдарынан кайра шайлоого катышуу үчүн 53 талапкер катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Парламенттик шайлоодо аталган эки округда «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган. Кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 15-декабрда тааныган.

Тема боюнча:

Биринчи май жана Свердлов округдарына кайра шайлоо 18-декабрдан кийин дайындалат