Свердлов жана Биринчи май округунда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өтүп жатат

27-февралда Бишкек шаарынын № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандатуу округундагы 120 шайлоо участкасында кайрадан парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Шайлоочулардын акыкы тизмесине ылайык, эки шайлоо округундагы шайлоочулардын саны 219 654 адамды түздү — алардын 113 105и Биринчи май шайлоо округунда, ал эми 106 549у Свердлов шайлоо округунда добуш беришет.

Добуш берүү эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин жүргүзүлөт. БШКнын 10:00гө карата жарыялаган маалыматына ылайык, эки округда 5 913 киши добуш берди — бул жалпы шайлоочулардын 2,69 пайызын түзөт.

Кайра шайлоодо №27 Биринчи май округунан 25, №29 Свердлов округунан 25 талапкер депутаттыкка ат салышууда.

Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.

Бирок шайлоодо Свердлов жана Биринчи май округунда «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 15-декабрда тааныган.

Тема боюнча:

Бир мандаттуу эки округдан кайра шайлоого катышуу үчүн 53 талапкер катталды