Депутат: Бишкек сертификаты жок датчиктердин айынан дүйнөнүн кир шаарларына кирип жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев «Кыргызгидрометтин» абанын сапатын текшерүүчү датчиктери сертификациядан өтпөгөндүктөн Бишкектин аброю түшүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 28-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин отурумунда билдирди.

Ал мындай датчиктердин көрсөткүчтөрүнөн улам Бишкек дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын катарына кирип жатат деп эсептейт.

«Сертификациядан өтпөгөн, лицензиясы жок продуктту алып коюп алыптырсыңар, бул биринчиден. [...] Ошол датчиктердин көрсөткүчтөрү боюнча биздин Бишкек биринчи, экинчи орундан (абанын кирдиги боюнча) түшпөйбүз. Бул өзүнчө инвестициялык климат, туризмге жана башка факторлорго таасирин тийгизип жатпайбы», — деди Эрбаев.

«Кыргызгидрометтин» кызматкери Мээрим Асанбай кызы депутаттарга 2021-жылы Бишкекте орнотулган 50 датчикти Кыргызстанда сертификациядан өткөрүү мүмкүн эместигин, бирок алар «Кыргызстандарттын» ченөө каражаттарынын тизмесине киргенин маалымдады. Алар америкалык өндүрүүчүдөн сатып алынган, датчиктердин тийиштүү сертификаттары жана эки жылдык кепилдиги бар.

Бирок Эрбаев бул жоопко ынабай, датчиктер Кыргызстанда дагы сертификациядан өтүшү керек болчу деп билдирди.

Асанбай кызы эл аралык рейтингдик сайттарга маалымат мамлекеттик датчиктерден эмес, активисттердин датчиктеринен түзмө-түз алынарын белгиледи.

Ошондой эле, Эрбаев өлчөө системасы ар кандай болуп жаткандыгынан да маселе жаралууда деп эсептейт, «себеп дегенде Америкада градус Фаренгейт көрсөткүчү менен, ал эми бизде Цельсий менен ченелет». Ал датчиктердин техникалык параметрлерин текшерүү же аларды алып салуу керек деп билдирди.

Мындан тышкары, эл өкүлү смогго жана тыгындарга каршы күрөшүүдө борбор калаага башка шаардан келген унаалардын кирүүсүн чектөөнү сунуштады. Ал эгер Бишкекке айына үч миллион унаа кирсе, анын бир миллионун «пропуск» аркылуу өткөрүп, калганына тыюу салса болот деп эсептейт.

Ал эми вице-мэр Максат Сазыкулов муниципалитетте борбордун кире бериштерине ири унаа токтотуучу жайларды куруу ойлору болгонун айтып жооп берди.

Калаа мэриясынын акыркы маалыматтарына ылайык, 72% учурда абаны унаалардан чыккан уулуу газдар, 20%дан ашууну — жеке үйлөрдө жагылган от, 8-9% — ЖЭБ жана 1% — башка факторлор булгайт.

Бишкек жыл сайын абасы булган өлкөлөрдүн дүйнөлүк рейтингин толуктайт.

Бийлик Бишкек ЖЭБин жана көмүр менен жылытылган жаңы конуштарды газга өткөрүү аркылуу маселени чечсе болот деп эсептейт. Бирок газга өткөрүү боюнча план азырынча ийгилик жарата элек.

​​Тема боюнча окуңуз: Бишкек: Депутаттар минкабдын смогго каршы күрөшүү чараларын жетишсиз деп тапты