Бишкек IQ Air дүйнөлүк рейтингинде абасы эң эле булганган шаар деп табылды

Бишкек 7-ноябрда абанын булганышы боюнча IQ Air эл аралык рейтингинде дүйнөлүк шаарлардын сап башына чыкты — борбор калаадагы абанын сапатынын көрсөткүчү (AQI) 269 бирдикти көрсөттү.

*Аба сапатынын индекси — же air quality index (AQI) — бул көрсөткүч кайсыл бир аймакта абанын таза же булганч экенин көрсөтүп турат. Адатта шкала 0дөн 500гө чейин болот, жана алты категорияга бөлүнөт: жакшыдан коркунучтууга чейин. Бул көрсөткүч жогору болгон сайын аба ошончолук булганган болот. AQI дагы аба ырайы сыяктуу, күн сайын, ал тургай саат сайын өзгөрүп турат.

8-ноябрга карата абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингдин башында дагы деле Бишкек турат. 220 бирдик көрсөткүчү борбордо аба «абдан зыян» экенин билдирет.

Бишкек дүйнө шаарларынын арасындагы абанын булгануусу боюнча биринчи орунга алгачкы жолу чыгып жаткан жок. Борбор калаадагы абанын булгануу көйгөйү кара түтүндү шаар тургундары байкап баштаган 2017-жылдан бери талкууланып келет. Бирок Бишкектин абасында зыяндуу заттардын көптүгү он жыл мурда эле айтылган.

Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себептеринин бири — транспорттордон чыккан зыяндуу газдар деп эсептейт.

Аны менен катар кышкысын абанын сапатын жер тамда жашап, үйлөрүн көмүр менен жылыткандар дагы бузушат. Аба кечке маал өзгөчө начар — бул убакта адамдар автоунаалары менен үйлөрүнө кайтышат жана үйлөрүнө көмүр жагышат.

Экологдор болсо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБден чыккан түтүн абанын сапатына таасир берет дешет. Бирок бийлик жылуулук борборлорунда катуу бөлүкчөлөрдү 97% тазалаган күчтүү чыпкалар орнотулган деп айтып келет.

Смог көйгөйүнүн ар жылы актуалдуу болгонуна карабай, шаардык бийлик жана өкмөт бул көйгөйдү чечүү үчүн конкреттүү чараларды кыла элек.

Абанын булгануу көйгөйүн кабыл алуудан аны чечүүгө чейин өкмөткө ондогон жылдар керектелиши мүмкүн. Азырынча шаардын тургундары респиратордук беткаптарды тагынып, аба тазалаган буюмдарды сатып алууга аргасыз.

Башкы беттеги сүрөт: Павел Исаенко

Дагы окуңуз:

Deutsche Welle: Бишкек кара түтүндөн тумчугуп жатат