«21,5 миң долларды алдап алуу». Орган кызматкеринин атын жамынган шектүү кармалды

ИИМдин басма сөз кызматы алдамчылык фактысы боюнча Бишкектин 32-жаштагы тургуну кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, өзүн адвокат, юрист, Башкы прокуратуранын же милициянын кызматкеримин деп тааныштырган К.Ж. аттуу жаран Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына жер тилкесин трансформациялоону же документтерди мыйзамдаштырууну убада кылган.

Алдамчылыкка шектүү. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

ИИМ шектүү «жер тилкелерин трансформациялоо көйгөйлүү маселе экенин билип, андан өзүнө материалдык пайда табуу максатында алдамчылык жол менен жарандардын акча каражаттарына ээ болгон» деп билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, ал жарандарды 21,5 миң долларга алдаган.

«Алдамчылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

«Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарынан сак болууну суранат жана жер тилкелерин сатып алууда бардык документтерди дыкат текшерүү, ал үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына кайрылуу керектигин эскертет», — деп кошумчалады ведомство.

Жер тилкелерин транформациялоо көйгөйү

Бишкектин чет жакаларындагы жаңы конуштардын көбү айыл чарба багытындагы жерлерде жайгашкан. 2009-жылы андай жерлерди трансформациялоого мораторий киргизилген, бирок ал жерлерге отурукташкандардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Ал жерлер «колдон-колго» сатылып, мыйзамсыз экенине карабай там салышат. Мындан улам жарандар оорууканага көрүнө албай, өздөрү курган үйгө каттоого тура албай, бала-чакасын мектеп же бала бакчалар кабыл албай кыйналышат. Мындай көйгөй Бишкекте эле эмес, Ош шаарында дагы бар.

Бишкектин жаңы конуштарынын тургундары жерлерди трансформациялоону талап кылып бир нече жолу митингге чыгышкан. Алардын көпчүлүк бөлүгү — Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук районунун тургундары.

Эки апта мурда басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу маселеси парламентте кайрадан көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев 2012-жылдын 3-августуна чейин Бишкек жана Ош шаарларына жакын өз билемдик менен курулган үйлөрдү мыйзамдаштырууну сунуштаган. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда.