УКМК кызматкерлеринин атын жамынып, 180 миң доллар алгандар кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 9-мартта «алдамчылыкка» шектеп эки кишини кармады. Алар атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр УКМКнын атын жамынып, тергелип жаткан иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 180 миң АКШ долларын алышкан.

«Буга чейинки тергөө иш-чараларынын алкагында укук коргоо органынын жетекчилеринин бирин кармоо боюнча УКМКга маалымат келип түшкөн. Атайын кызматтын жетекчилигинин атынан шектүүнүн туугандарынан акча алышкан», — деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

Ошондой эле, УКМК шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо атайын кызматтын нөөмөт бөлүмүнө кабарлоону суранат.

Буга чейин 21-февралда атайын кызмат өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, жарандардан акча опузалап алып турган кишини аныктаган. Шектүүгө «Жасалма документ» беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын унаасына тинтүү жүргүзүлгөн. Унаадан УКМКнын кызматкери деген күбөлүк табылган эмес. Бирок унаанын бир нече жасалма номурлары, парламент аппаратынын кызматкери деген күбөлүк жана Жогорку Кеңешке кирүүчү уруксат тастыктама табылган.