Сүрөт: Тойчубек Боронбаев / «Клооп»

8-мартта Ош шаарында аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоого арналган жөө жүрүш өттү. Ага 20га жакын активист катышты.

Жөө жүрүшкө чыккандар шаардын борбордук көчөлөрүн аралап, Курманжан Датканын эстелигинен Токтогул сейил багына чейин келишти. Анда аялдарга карата сексуалдык жана физикалык зомбулук, кыздарды ала качуу менен мажбурлап турмуш курдуруу, келиндерди басмырлоо, аялдардын саясаттагы орду тууралуу чакырыктар айтылды.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Мадина Салайдинова быйылкы жөө жүрүштүн темасы аялдардын саясатка аралашуусу жана лидер айымдар экенин айтты. Активист кыргыз саясатында аялдардын саны аз деп эсептейт.

«Биздин парламентте аялдардын саны аябай эле аз. Биз аялдар саясий процесстерге көбүрөөк катышса деп жөө жүрүшкө чыктык, ошондо гана алардын үнү мамлекеттик органдарга жетет, жайылат», — деди Салайдинова.

Активист Майрамбек Таалайбек уулу бул жүрүштө эч кайсы бир тараптардын атайын колдоосу жок экенин жана бул кайсы бир тарапка тиешелүү идеологияны сүрмөлөө эмес экенин баса белгиледи.

«Коомчулукка туура эмес маалыматттар тарап кетет экен. Биздин эң негизги максатыбыз — жөн гана Ош шаарынын элине аялдардын эл аралык күнүнүн түпкү маани-маңызын жеткирүү. Аялдарга карата көп жылдан бери болуп жаткан зомбулукту, фемицидди жок кылуу жана алардын актуалдуу экенин айтып чыгуу», — деп түшүндүрдү Таалайбек уулу.

Ал эми акциянын дагы бир катышуучусу Инобатхон Султанова коомчулукту аялдардын укуктарынын тебеленишине кайдыгер карабоого чакырды.

«Биз жыл сайын 8-марттагы маршка аялдар дагы деле зомбулукка кабылганын, аялдарды басмырлап жатышканын жана алардын укуктары тебеленип жатканын айтып берүү үчүн чыгабыз. Адамдарга биз кайдыгер эмеспиз жана сиздер кайдыгер карабаңыздар деп айткыбыз келет. Кыргызстандагы аялдар күн сайын психологиялык, физикалык, улуттук зомбулукка туш болушат. Ошондуктан биз, шаардын активисттери катары, маршка чыгабыз», — деди ал.

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында уланып, анда зомбулукка кабылган аялдар жана кыздарга арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Көргөзмөдө жергиликтүү адвокат Мухаё Абдураупованын тажрыйбасынан алынган зомбулукка кабылган аялдардын окуялары да айтылган.

«Бул көргөзмөгө Ош шаарында болуп өткөн ар кандай иш-чаралардын алкагында тартылган сүрөттөр, инсталляциялар коюлган [...] Болгон окуяны биз сүрөт кылып, анан трафарет кылып тартып көрсөткөнбүз», — деди Мадина Салайдинова.

Ушундай эле марш бүгүн борбор калаа Бишкекте да өттү. Марштын катышуучулары аялдар согушка каршы экенин айтып, тынчтыкка тилектештигин билдиришти.

Автору: Хоназим Имоддинова

ТЕМА БОЮНЧА:

«Клооптун» өкмөттөгү теңсиздик жөнүндө изилдөөсү

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз