«Согушка жол жок». Бишкекте Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынчтык маршы өттү

Бишкек шаарында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Тынчтык. Март. Марш» аталышындагы жөө жүрүш өттү. Марштын катышуучулары согушка каршы экенин айтып, тынчтыкка тилектештигин билдиришти.

500гө чукул шаар тургуну жана активисттер «Россия» кинотеатрынын алдына чогулуп, Чүй проспектиси аркылуу «Уркуя Салиеванын эстелиги» катары белгилүү «Революциянын каармандарына» арналган мемориалга дейре жөө басып келишти.

Алар «Дүйнө аялдары согушка каршы», «Согушка жол жок», «Ырыс алды ынтымак», «Кыргызстан согушка каршы», «Эркин Кыргызстандын эркин кыздары», «Аялдардын укугу корголсун» деген ураандарды чакырышты.

Ал эми жүрүштүн айрым катышуучулары «Кылмышкер жабырлануучу боло албайт!», «Парламентке аялдар келсин», «Аял укугу — адам укугу», «Зордук зомбулукка жол жок», «Ала качуу салт эмес!» деген жазуусу бар транспоранттарды көтөрүп чыгышты.

Сүрөт: Kloop.kg

Марштын башында акциянын уюштуруучуларынын бири, жазуучу Алтын Капалова акциянын максаты — аялдардын укугун коргоо жана аялдар согушка каршы экенин айтып жеткирүү деди.

«Биз бул жылы марштын темасы катары бүткүл дүйнө аялдарынын согушка каршы тилектештигин тандадык. Анткени Украинадагы согуш баарыбызга тиешелүү. Украинадагы согушту улантуудагы жүйөлөрдү чечкиндүү түрдө айыптайбыз жана карапайым адамдардын укугун коргогон адилет, тынчтыкты орнотууну талап кылабыз!», — деди ал.

Ошондой эле Капалова согушта аялдар жана жаш балдар көбүрөөк жабыркап жатканын эскертип, жүрүштүн ураанын окуду: «Бардык аялдар зомбулукка жана согушка каршы күрөшүү үчүн биригели!».

Жүрүштүн катышуучусу, жарандык активист Улан Үсөйүн өлкөдө аялдардын укугу корголбой эле, тескерсинче зомбулук күчөп баратканын билдирди.

«Азыр аялдардын укугу корголот дегенден абдан алыс болуш керек. Өзгөчө Кыргызстанда зордук-зомбулук аябай көп катталат. Үй-бүлөдө, көчөдөн деле аялды ур-токмокко алып аткан учурларды көрүп атабыз. Аялдарга карата зордук 60 пайызга өсүп кетти десек болот», — деди ал.

Жүрүш Украинадагы согушта курман болгон маркумдарды бир мүнөт эскерүү менен аяктады.

Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен. Ошондон тарта аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет.

Кыргызстанда жыл сайын 8-мартка карата аялдардын укугун коргоо боюнча тынчтык жүрүшү уюштурулуп келет. Аны менен катар өлкөнүн булуң-бурчунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлөт.

2020-жылдын 8-мартында аялдардын укугу үчүн жүрүшкө чыккан Кыгызстандык активисттерге белгисиз бирөөлөр кол салган. Алар фем-акциянын ураандарын талкалап, кыздарга кол салып, таш, жумуртка менен чапкылашкан. Жыйынтыгында милиция кол салгандарды эмес, жүрүштүн 70ке чукул катышуучусун кармаган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Кызга кырк үйдөн колдоо». Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган жөө жүрүш өттү

2020-жылы 8-мартта Бишкекте кармалгандардын монологу

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү