«Кызга кырк үйдөн колдоо». Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган жөө жүрүш өттү

Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган жөө жүрүш уюштурулду. Жүрүшкө болжол менен 500дөй адам катышты. Иш-чарага аялдар менен бирге мырзалар дагы келди.

Жүрүштүн катышуучулары саат 13:00дө Ак үйдүн жанында чогулуп, Чүй проспектиси менен Уркуя Салиеванын эстелиги деп да аталып жүргөн «Революциянын каармандарына» арналган монументке чейин басып келишти. Жүрүш тынч өтүп, ашынган улутчулдар, же укук коргоо органдары тарабынан тоскоолдуктар болгон жок.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-мартта калаада 22-апрелге чейин тынчтык митингдерин жана жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган. Анткен менен Конституциянын 34-беренесинде тынч чогулуштарга тыюу салууга эч кимдин укугу жок.

Катышуучулар «Бактылуу болууга татыктуубуз», «Тынч чогулуш эркиндиги!», «Кызга 40 үйдөн колдоо!», «Уркуя Салиевадай бол, өзүңдүн укугуңду корго» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Андан сырткары аялдар үчүн сапаттуу билим, татыктуу эмгек-акы, саясатка эркектер менен тең ата катышуу, үйдөгү коопсуздук сыяктуу бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Иш-чарага катышкан мырзалар «Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт!» деген транспаранттарды көтөрүп жүрүштү.

Фемицидге каршы перформанс

Аялдардын укугун коргоого арналган иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө активист Айдай Токоева Кыргызстанда кыз-келиндерге карата кош стандарттуулук бар экенин билдирди. Ал эл арасында «кыздын кырк чачы улуу» деп айтылганы менен иш жүзүндө алардын укуктары менен коопсуздугу такыр сакталбай, зомбулук уланып бул өлүмгө чейин жетип жатканын айтты. Токоева коомдогу мындай терс көрүнүштөргө каршылыгын билдирип, чогулгандардын алдында чачын кырды.

«Кыргызстанда кыз-келиндер көбүнчө күйөөсүнүн же чогуу жашаган кишинин колунан каза болот. Айрым учурларда аялдарды болбогон шылтоо менен өлтүрүп коюшууда. Биз фемициддин алдын алышыбыз керек», — деди Токоева.

Ушундай эле жөө жүрүш бүгүн Ош шаарында уюштурулду. Чогулгандар кыз-келиндерге карата болгон зомбулукту сындап, алардын укуктары менен коопсуздугун сактоого чакырышты. Алар Курманжан датка эстелигинин алдында чогулуп, шаардын борбордук көчөлөрүн аралап «Энелердин көз жашы» монументине чейин басышты. Маршка 50гө жакын киши катышты, алардын көпчүлүгүн кыз-келиндер түздү.

Аялдарга болгон зордук-зомбулук

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

«Клооптун» журналисттери Кыргызстандагы фемицид көрүнүшүн чагылдырып берүү үчүн киши өлтүрүүлөрдүн статистикасын талдап, 54 миңден ашуун криминалдык пресс-релиздер менен жаңылыктарды изилдеп чыккан. Жыйынтыгында алар Кыргызстанда аялдарды көбүнесе күйөөлөрү, жыныстык өнөктөштөрү өлтүрөрүн, ал эми фемицид түздөн-түз үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепети экенин аныкташкан.

Аялдарды өлтүрүүнүн учурларын дыкат изилдеп чыгып, 2008-жылдан бери Кыргызстанда 300дөн ашуун фемицид учуру болгонун аныктадык. Иш жүзүндө мындай учурлар кыйла көп, бирок биз ар бир өлтүрүүнүн чоо-жайын таба алган жокпуз.

Биздин талдоо фемициддин 75%ы киши колдуу болгон аялга тааныш болгон адам, жыныстык өнөктөшү, тууганы же жолдошу тарабынан жасалганын көрсөтөт. Ошондой болсо да аялдардын өмүрүнө көбүнесе тек гана күйөөлөрү кол салган. Аялдарды өлтүрүү учурларынын 11%ы гана көчөдө бейтааныш адам тарабынан жасалган.

Ал эми 2020-жылдын 8-мартында аялдардын укуктары үчүн жүрүшкө чыккан Кыгызстандык активисттерге белгисиз бирөөлөр кол салган. Алар фем-акциянын ураандарын талкалап, кыздарга кол салып, таш жумуртка менен чапкылашкан. Жыйынтыгында милиция кол салгандарды эмес, 70ке жакын жүрүштүн катышуучуларын кармаган.

Сиз 2020-жылдын 8-мартында кармалган активисттердин пикирин билип, монологун уга аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

2020-жылы 8-мартта Бишкекте кармалгандардын монологу