«Төрт кабыргасы сынган». Ошто аялын мас абалында сабаган киши камакка алынды

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында мас абалда аялын сабап, милициядан жашынып жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу 9-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

35 жаштагы аял милицияга 22-февралда арыз менен кайрылган. Анда ал 21-февралда күйөөсү мас абалда үйгө келип, «сөгүп, уруп, денесине жараат келтиргендигин» айтып ага чара көрүүнү суранган.

Ошондой эле жабырлануучу мындай зомбулук буга чейин дагы болуп келгендигин айткан.

«Арыздануучуга дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын төрт кабыргасы жабык сынгандыгын жана сол колунун манжасы сынганын тастыктады», — деп билдиришти Ош ШИИБден.

Күч органдары «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 41 жаштагы шектүүнү суракка чакырган. Бирок ал тергөөгө келбей изин жашырып кеткен.

Ал эми 8-мартта милиция кызматкерлери шектүүнү кармап, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизген. Сурак маалында ал күнөөнү мойнуна алган. Ошондой эле, шектүү буга чейин эки жолу соттолгону аныкталган.

Аталган берене менен күнөөлүү деп табылгандар эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына же болбосо 40 сааттан 100 саатка чейинки коомдук иштерге тартылышы мүмкүн. Ошондой эле айыпталуучулар беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Зомбулукка кабылгандардын 9 038не коргоо ордери берилген — анын ичинен 8 миң 463ү аялдарга, 311и эркектерге, 264 жашы жете элек өспүрүмдөргө ыйгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

ИИМ: Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөр жети суткага чейин камалат