ТИМ: Украинадан Польшага эвакуацияланган 72 кыргызстандык Бишкекке учуп келди

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Украинадагы согуштан улам Польшага эвакуацияланган 72 кыргызстандык 11-март күчү кечинде чартердик каттам менен Бишкекке учуп келгенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкөгө кайтып келген кыргызстандыктардын арасында аялдар жана жаш балдар бар. Эвакуациялык каттамды ТИМ Польшанын бийлиги жана Европанын «Фронтекс» чек ара коопсуздугу боюнча агенттиги менен биргеликте уюштурду.

Министрликтен Польшадагы кыргызстандыктарды өлкөгө алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгилешти. Аны менен катар, Эл аралык миграция уюмунун Прагадагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен жакында Чехиядагы кыргыз жарандарынын өлкөгө келиши күтүлүүдө.

ТИМдин маалыматына ылайык, учурда Украинанын шаарларында 86 кыргызстандык калды, бирок тизме улам эле өзгөрүп жатат. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги согуш жүрүп жаткан шаарлардагы кыргызстандыктар менен тыгыз байланышта.

Үстүбүздөгү жылдын 9-мартында ТИМ кыргыз жарандарын өлкөгө алып келүү максатында министрликтин Консулдук кызмат департаментинин эки кызматкери Польшага учуп кеткенин билдирген.

Ошондой эле, Украинадагы согуштан улам 412 кыргызстандык үчүнчү өлкөлөр аркылуу коопсуз аймакка чыгарылып, 91 адам Венгрия аркылуу Кыргызстанга кайтып келгенин кабарланган.

Согуштук кырдаал башталганда Украинада Кыргызстандын 1 357 жараны бар экени белгилүү болгон. Дипломатиялык өкүлчүлүк 300 адам менен такай байланышып жатканын, 680 адам консулдук каттоодо экенин айткан.

11-мартта БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Украинадагы согуштан улам эки жарым миллиондон ашык киши өлкөдөн качып чыкканын кабарлаган.

Украинадагы согуш

24-февралдын таңында Орусия Украинага бастырып кирип, ошондон бери өлкөнүн бардык аймактарына абадан ракеталык жана артиллериялык сокку урууда.

Аскердик агрессия башталганда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик инфраструктурасына гана сокку урарын айткан. Бирок, марттын биринчи күндөрүнөн тартып эле артиллериялык жана авиациялык соккулардан Украинанын ар кайсы шаарларында көптөгөн турак үйлөр талкаланды.

БУУ 24-февралдан 9-матка чейин Украинада эң аз дегенде 549 жай тургун каза болгонун, дагы 957 киши жарадар болгонун кабарлады. Бирок БУУ курман болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн деп эсептейт.

Уюмдун маалыматына караганда, адамдардын көпчүгү кеңири радиуска тараган жардыруучу артиллериялык жана ракеталык снаряддын огунан, ошондой эле абадан жааган октон көз жумуп, жарадар болгон.

Тема боюнча:

ТИМ: Украинанын шаарларында жүздөн ашык кыргызстандык калды