ТИМ: Украинанын шаарларында жүздөн ашык кыргызстандык калды

Алдын ала маалыматтар боюнча, Украинанын шаарларында жүздөн ашык кыргызстандык калды. Ал эми 412 адам үчүнчү өлкөлөр аркылуу коопсуз аймакка чыгарылып, 91 адам Венгрия аркылуу Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ТИМ согуш жүрүп жаткан шаарлардагы кыргызстандыктар менен тыгыз байланышта экенин белгилеп, аларга атайын коргонуучу жайларда болуу сунушталганын айтты.

Ал эми кыргыз жарандарын өлкөгө алып келүү максатында министрликтин Консулдук кызмат департаментинин эки кызматкери Польшага учуп кеткени айтылды. Алар учурда Польшадагы кыргызстандыктардын жайгашкан жерлерин кыдырып, тамак-аш уюштуруп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Украинадан чыгып кетип жаткан качкындар Польша чек арасында. Сүрөт: БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгы.

Буга чейин үчүнчү өлкө аркылуу Украинадан чыгарылган кыргыз жарандарынын 200ү Польшага, 85и Чехияга, 66сы Түркияга жеткирилди. Дагы 21 кыргызстандык Молдовага, 20 киши Словакияга, 19 адам Румынияга, 13 жаран Литва жана Германияга эвакуацияланды.

Согуштук кырдаал башталганда Украинада Кыргызстандын 1 357 жараны бар экени белгилүү болгон. Дипломатиялык өкүлчүлүк 300 адам менен такай байланышып жатканын, 680 адам консулдук каттоодо экенин белгилеген.

8-мартта БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Украинадагы согуштан улам эки миллиондон ашык киши өлкөдөн качып чыкканын билдирген.

Украинадагы согуш

24-февралдын таңында Орусия Украинага бастырып кирип, ошондон бери өлкөнүн бардык аймактарына абадан ракеталык жана артиллериялык сокку урууда.

Аскердик агрессия башталганда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик инфраструктурасына гана сокку урарын айткан. Бирок, марттын биринчи күндөрүнөн тартып эле артиллериялык жана авиациялык соккулардан Украинанын ар кайсы шаарларында көптөгөн турак үйлөр талкаланды.

БУУ 24-февралдан бери Украинада эң аз дегенде 474 жай тургун каза болгонун, дагы 861 киши жарадар болгонун кабарлады. Бирок БУУ курман болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн деп эсептейт.

Уюмдун маалыматына караганда, адамдардын көпчүгү кеңири радиуска тараган жардыруучу артиллериялык жана ракеталык снаряддын огунан, ошондой эле абадан жааган октон көз жумуп, жарадар болгон. БУУ Украинада «апокалиптикалык кырдаал» түзүлгөнүн эскерткен.

Тема боюнча:

ТИМ: Украинадан акыркы үч күн ичинде 105 кыргызстандык чыгып кетти

БУУ: Украинадан 1,5 миллиондон ашуун адам качып чыкты