Украинадан эвакуацияланган жүздөн ашык кыргызстандык Венгрияга жетти

Украинадан эвакуацияланган Кыргызстандын 112 жараны, анын ичинде элчиликтин эки кызматкери Венгриянын чек арасына жетти. Бул тууралуу 1-мартта Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук барагында билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар Венгриянын чек арасынан кесип өтө баштады.

«Ал жактан жарандарыбызды Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинде иштеген кесиптештерибиз тосуп алышат», — деп кошумчалады Кадыркулов.

Бирок, элчинин айтымында, чек арада айрым кыргызстандыктардын документтерине байланыштуу көйгөйлөр жаралган — алар Украинада каттоого турбай 90 күндөн ашык жүрүп алышкан.

«[Бул] кошумча кыйынчылык жаратты. Бул маселе да элчиликтин кызматкерли тарабынан жеринде ыкчам чечилип жатат», — деди Кадыркулов.

«Автобустун айдоочусу да, аны коштоп бараткандар да коопсуз жана тыгын болуп жаткан маршруттар тууралуу үзгүлтүксүз маалымат алып турушту, бул болсо биздин жарандарды белгиленген жерге чейин ыкчам алып келүүгө мүмкүндүк түздү», — деп белгиледи Кадыркулов, Киевден Венгриянын чек арасына чейинки жол 20 саатка чукул убакытты алганын кошумчалап.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчилиги 30га чукул кыргызстандык өлкөдөн өз алдынча чыгып кеткенин билдирген.

Мындан тышкары, дипломатиялык өкүлчүлүк учурда 300 адам менен такай байланышып жатканын, 680 адам консулдук каттоодо экенин белгилеген. Жалпысынан, ТИМдин маалыматына ылайык, Украинада Кыргызстандын 1 357 жараны бар.

Ошондой эле, Киев, Одесса, Харьков жана Львов шаарларында коопсуз турак жайы жок кыргызстандыктарга убактылуу баш калкалай турган жайлар уюштурулган.Украинада согуш жүрүп жатканына алты күн болуп калды. 24-февраль күнү таң эрте орус аскерлери Украинанын аймагына бастырып киришкен. Жай тургундар ок атуулардан метро менен жертөлөдө жашынууга аргасыз болушууда. Украинада аскерий абал жарыяланган.

ТЕМА БОЮНЧА:  Орусиянын Украинага кол салуусу. Акыркы суткага карата башкы маалыматтар

БУУ: Украинада 102 жай тургун каза тапты, бирок алардын реалдуу саны кыйла көп болушу мүмкүн

Зеленский Украинанын Европа биримдигине кошулуу жөнүндөгү арызга кол койду