Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү чек арадагы ок атышуулар боюнча жолугушуу өткөрүштү

12-март. 12-мартта «Гулистон-автожол» көзөмөл өткөрүү пункту.

12-мартта «Гулистон-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргызстандын УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын башчысы, генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин төрагасынын биринчи орун басары, генерал-полковник Раджабали Рахмановдун жолугушуусу өттү.

Жолугушууга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода да катышты.

Тараптар чек арадагы жаңжалдар жана чек ара коопсуздугун талкуулашты. Анын ичинде 10-11-мартта болгон ок атышууну да.

*10-мартта Баткен районуна караштуу Тескей жерлигинин кыргыз-тажик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен менен чыр-чатак катталган. 11-мартка караган түнү Баткендин Эски-Таш аймыганда кайрадан ок катышуу болгон. Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосундагы ок атышуу дээрлик 20 мүнөткө созулган.

Тараптар чек ара жаңжалына жол бербөө үчүн бир катар чараларды кабыл алууга макулдашты.

  • Чагымчылдыкка алдырбоо үчүн аскер кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек;
  • Жаңжалдар курчуп кетпеши үчүн Кыргызстан менен Тажикстан маалымат алмашып турушу керек;
  • Эки өлкөнүн аскерлери мыйзам боюнча каралган учурлардан башка учурда курал колдонбошу керек;
  • Бардык аскерлер белгиленген Чек ара сызыктарынында жүрүм-турум эрежелеринин талаптарын сакташы керек.

Чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн кийин сүйлөшүүнүн экинчи бөлүгү өттү. Анда эки облустун жетекчилери Алимбаев жана Ахмадзода төрт маселени карап чыгышты.

  • Чек арага жакын жайгашкан айылдардын чарбачылык маселелери (арыктарды, каналдарды тазалоо иштери жана элди сугат суу менен камсыздоо), көпүрөлөрдү оңдоо иштери. Бул маселе боюнча атайын эки облустун биринчи орун басарларынын жетектөөсүнүн астында суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү.
  • Чек арага жакын жайгашкан айылдарда коомдук тартипти сактоо маселеси боюнча милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тургундарга түшүндүрүү иш чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча биргеликте кызмат өтөө;
  • Чек арада катталган мал уурдоо боюнча: тез арада маалымат алмашып, кайра мал ээсине малдарды толук кайтарып берүү маселесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүү;
  • Дрон (БПЛА) чек ара аймактарында учурууга тыюу салуу маселеси.