Баткен району: Кыргыз-тажик чек арасында 10 мүнөткө созулган ок атышуу болду

Архивдик сүрөт

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Тескей жерлигинин кыргыз-тажик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен менен чыр-чатак катталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы 10-мартта кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 10:50 чамаларында такталбаган аймакта Тажикстандын чек ара кезмети мурда колдонулуп келген жүрүү багытын өзгөртүп, чек араны кайтаруунун жаңы чегине чыгышкан. Андан соң кыргыз чек арачыларынан аталган аймактан кетип калуусун талап кылышкан.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, тажик чек арачыларына кошумча күчтөр жардамга келишип, алар сандык артыкчылыктан пайдаланып, жаңы чекке өтүүгө аракеттенишкен. Бирок кыргызстандык чек арачылар буга жол берген эмес.

«Натыйжасында ок атышуу орун алып, ал 10 мүнөткө созулган. Ок атышуунун жыйынтыгында кыргыз тараптан жарадар жана жаракат алгандар болгон жок», — деп билдиришти мекемеден.

Чырдан кийин эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, чыр-чатак болгон аймактан чек ара кезметтерин алып кетүү жана кошумча күч жана каражаттарды алып келбөөнү макулдашкан. Учурда сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматынан Тескей аймагы такталбаганы менен аны иш жүзүндө кыргыз жарандары колдонуп келгенин белгилешти. Ал эми Баткен облусундагы чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.

Тажикстандын бийлиги бул инцидент боюнча расмий комментарий бере элек.

Үстүбүздөгү жылдын 27-28-январында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал орун алган. Чырдын кесепетинен 11 кыргыз жараны жарадар болгон. Ал эми тажик тарап 13 киши жабыркаганын, дагы экөө каза тапканын кабарлаган.