Кыргыз-тажик чек арасында түнү кайрадан ок атышуу болду

Баткендин Эски-Таш аймагы. Сүрөт: «Азаттык»

Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында 11-мартка караган түнү кайрадан ок катышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, түнкү саат 02:50 чамасында Тажикстандын чек ара кезмети Баткендин Эски-Таш аймагындагы Баткен — Исфана авто жолунан өткөн авто унааларды таш бараңга ала баштаган.

Тажик чек арачылары Кыргызстандын чек ара кезметинин унааларга таш ыргытпоо талабын этибарга алышкан эмес. «Мындан улам чек арачылар тажик аскерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында аргасыздан эскертүү иретинде асманга ок атышкан» деп айтылат маалыматта.

«Ошол эле учурда аталган жерликте кызматын өтөп жатышкан Тажикстандын башка чек ара кезмети кыргыз чек арачылары жайгашкан байкоо мунарасын көздөй ок атышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтеринин ортосунда 20 мүнөткө созулган ок атышуу орун алып, саат 03:10до токтогон», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Кыргыз тараптан жарадар болгондор жок. Чыр-чатактын курчуп кетпөөсүн алдын алуу максатында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, окуя болгон жерде жолугушуу пландалды.

Учурда чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Тажикстандын бийлиги окуя боюнча расмий комментарий бере элек.

10-марттагы ок атышуу

10-мартта Баткен районуна караштуу Тескей жерлигинин кыргыз-тажик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен менен чыр-чатак катталган.

Маалыматка ылайык, саат 10:50 чамаларында такталбаган аймакта Тажикстандын чек ара кезмети мурда колдонулуп келген жүрүү багытын өзгөртүп, чек араны кайтаруунун жаңы чегине чыгышкан. Андан соң кыргыз чек арачыларынан аталган аймактан кетип калуусун талап кылышкан.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, тажик чек арачыларына кошумча күчтөр жардамга келишип, алар сандык артыкчылыктан пайдаланып, жаңы чекке өтүүгө аракеттенишкен. Бирок кыргызстандык чек арачылар буга жол берген эмес.

«Натыйжасында ок атышуу орун алып, ал 10 мүнөткө созулган. Ок атышуунун жыйынтыгында кыргыз тараптан жарадар жана жаракат алгандар болгон жок», — деп билдиришкен мекемеден.

Чырдан кийин эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, чыр-чатак болгон аймактан чек ара кезметтерин алып кетүү жана кошумча күч жана каражаттарды алып келбөөнү макулдашкан.

Ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматынан Тескей аймагы такталбаганы менен аны иш жүзүндө кыргыз жарандары колдонуп келгенин белгилешкен. Ал эми Баткен облусундагы чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүшкөн.

Кийинчерээк эки өлкөнүн Баткен жана Согди облустарынын чек ара өкүлдөрү Баткен районунун Паскы-Арык тилкесинде жолугушуу өткөргөн.

Сүйлөшүүлөрдө эки тарап тең 10-мартта болгон чыр-чатакты иликтеп, анын алдын ала жыйынтыктары Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн 12-марттагы жолугушуусунда жарыялоону пландашкан. Ошондой эле тараптар чек ара аймагында жайгашкан айыл тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашкан — Баткен жана Согди облустарынын башчылары «чырды алдын алуу жана аны күчөтпөөгө тиешелүү иш-чараларды өткөрүп баштаганы» айтылган.

Мындан сырткары, сүйлөшүүлөрдө кыргыз жана тажик аскерлерине чек аранын сызыгынан өзүн алып жүрүү эрежелери сактоо маселеси да каралган. Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү окуя болгон жерге тартып келген аскердик күчтөрдү алып кетүүгө макулдашкан.

Баткен району: Кыргыз-тажик чек арасында 10 мүнөткө созулган ок атышуу болду