Токтогул: Кош бойлуу келинди өлүмгө жеткирген деген шек менен күйөөсү менен абысыны кармалды

Жалал-Абад облустук сотунда 24 жаштагы кош бойлуу келинди өзүн өлтүрүүгө жеткирген деген шек менен кармалган 30 жаштагы киши менен 41 жаштагы аялдын иши каралып жатат. Бул тууралуу «Справедливость» уюмунун укук коргоочулары билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, кылмыш иши маркум келиндин күйөөсү менен абысынына козголду. «Справедливость» уюмунан белгилешкендей, тергөөдө шектүүлөр «көңүлдөш» экени аныкталган.

Укук коргоочулар билдиргендей, маркум күйөөсүнөн жеңеси менен болгон мамилесин токтотууну талап кылганда ал аялын «өлтүрөм» деп коркутканга чейин барган.

Укук коргоочулар келин басмырлоого чыдабай 2021-жылдын ноябрында жанын кыйганын белгилешти. Ал эми өлүм алдында жазган катында «ушул нерсеге [өзүн өлтүрүүгө] барышына жолдошу жана жеңеси күнөөлүү экенин» жазган. Маркумдун артында төрт жаштагы кызы калган.

Шектүүлөргө «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Келиндин сөөгүн эксгумациялагандан кийинки экспертиза маркум өлгөнгө чейин ур-токмокко алынганын көрсөткөн. 

Жалал-Абад ОИИБи кылмыш иш ачылганы тууралуу маалыматты «Клоопко» тастыктады. Ведомстводон окуя Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда болгонун айтып, иш 2022-жылдын февралында тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнүн белгилешти.

Сиз же жакын адамыңыз зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлордун дарегине кайрылып же номерлерге байланышсаңыз болот:

  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 0312 512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 0772 328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы 0555 281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 0776380777
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773 843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700 257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557 484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777 393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары 0709 694550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары 0706 383637

Тема боюнча:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү