Ысык-Көл райондук электр тармагынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

«Чыгыш электр» ачык акционердик коомуна караштуу Ысык-Көл райондук электр тармагынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Териштирүүдө кызмат адамдары жеке кызыкчылыкты көздөп, мамлекетке 2,5 млн сом өлчөмүндөгү зыян келтиришкендиги аныкталган.

«Райондун аймагында жашаган жашоочуларга электр энергиясын эсептепгичтерин орнотпой, абоненттерди электр энергия берүү тутумдарга мыйзамсыз туташтырышкан. Карыздары өтө чоң сумманы түзгөн жашоолурдын карызын жашыруу максатында, жаңы эсептөөчү эсептегичтерди орнотушкан», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Мындан сырткары, алар адамдар жашабаган турак үйлөргө жана имараттарга карата электр энергиясын колдонуп, карыздары чоң өлчөмдү түзгөн деп иш кагаздарды түзүшкөн. Кийин электр энергияга болгон карыздарды мыйзамсыз жоюу менен эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Бул боюнча «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

2021-жылдын декабрь айында «Ош электр», «Жалал-Абад электр», «Түндүк электр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери электр энергиясына болгон карыздарды эсептен мыйзамсыз чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөнү аныкталган.

Башкы прокутатуранын маалыматына ылайык, 2016-2020-жылдар аралыгында карыздарды эсептен мыйзамсыз чыгаруу менен аталган кызматкерлер мамлекетке 897 миллиондон ашык зыян келтирген.

Ал эми ушул жылдын 1-мартында «Чыгыш Электр» ачык акционердик коомунун Нарын облусундагы филиалынын жооптуу кызматкерлери кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, шектүүлөр 2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон 219 млн сом карыздарды негизсиз эсептен чыгарышкан.

Ал эми, 4-матта «Ош Электр» ААКнун Ноокат районунун филиалынын мардагы жетекчиси Дыйканбай Даминов жана Кызыл-Кыя жылуулук электр борборунун жетекчисинин орун басары кармалган.

Алар электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышкан. Жыйынтыгында мамлекетке 134 млн сом зыян келтиргендиги аныкталган.

Энергетикалык кризис

Кыргызстандын энергетикалык тармагы соңку жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учурады. Токтогул суу сактагычында суу тартыш болуп, бийлик электр энергиясын коңшу мамлекеттерден сатып алып жатат.

Мындан сырткары, өлкөдө электр энергиясын пайдаланууга бир катар чектөөлөр киргизилген. Улуттук энергохолдинг элди электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

2021-жылдын июнь айынан тарта кыргызстандыктар «Түндүк электр» жана «Чыгыш электр» ишканаларынан электр энергиясын жылытууга жана «башка термикалык процесстерге» пайдаланууга тыюу салынганы жөнүндөгү билдирүүлөрдү ала башташкан.

Күзүндө бийлик электр энергиясын үнөмдөө максатында Бишкек шаарында көчөнүн жарыктарын күйгүзүүгө тыюу салган. Бирок шаар тургундары нааразы болгондуктан бул чектөө кайра алынган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Президент: Бекмурзаевди «куурдак» кылып жесеңер дагы энергосистема кризистен чыкпайт