Башкы прокуратура: Абоненттердин карыздарын эсептен мыйзамсыз чыгаруу боюнча иш козголду

Башкы прокуратура «Ош электр», «Жалал-Абад электр», «Түндүк электр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери электр энергиясына болгон карыздарды эсептен мыйзамсыз чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөнүн аныктады.

Прокуратуранын басма сөз кызматы 6-декабрда билдиргендей, аталган мекемелер тарабынан абоненттердин карыздарын сот тартибинде өндүрүп алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлгөн эмес.

Мындан сырткары, сотко доо арыздар берилип, бирок сот аткаруучулардын «карыздарды өндүрүүгө мүмкүн эмес» деген мыйзамсыз чечимдерине таянып, негизсиз түрдө карыздарды эсептен бошотуп жиберишкен.

«Жогорудагы жооптуу кызматкерлер коррупциялык кызыкчылыктарын көздөп, өздүгү такталбаган, аталган даректе жашабаган, же көрсөтүлгөн дареги такыр жок болгон абоненттерди карызкорлордун тизмесине атайылап кошуп, алардан өндүрүүгө мүмкүн эмес деген негизде карыздарды эсептен чыгарып келишкен», — деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, 2016-2020-жылдар аралыгында карыздарды эсептен мыйзамсыз чыгаруу менен аталган кызматкерлер мамлекетке 897 миллиондон ашык зыян келтирген.

Бул факты «Коррупция» беренеси менен катталып, төрт кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 26-ноябрдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге энергетика тармагын текшерүүнү тапшырган. Ал энергетика министрлигинде коррупциялык көрүнүштөр бар экенин айткан.

«Мисалы кээ бир жерлерде үйү жок, фундаменти гана турат. Ошол үйдө киши жашайт же бир мекеменики деп, миллиондогон карыздарды төлөй албай калганын айтып, карызын кечип коюшат. Жоголуп жаткан энергияны да ушуга шылтап коюшат. Ушул эки маселени Курманкул Зулушев сизе тапшырам», — деген Жапаров.

Электр тармагындагы башаламандыктарды «ордуна коюу» үчүн президент Зулушевге эки ай убакыт берген.

Энергетикалык кризис

Кыргызстандын энергетикалык тармагы соңку жылы эң эле масштабдуу энергетикалык кризиске учурады. Токтогул суу сактагычында суу тартыш. Бийлик электр энергиясын коңшу мамлекеттерден сатып алып жатат.

Мындан сырткары, өлкөдө электр энергиясын пайдаланууга бир катар чектөөлөр киргизилген. Улуттук энергохолдинг элди электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

2021-жылдын июнь айынан тарта кыргызстандыктар «Түндүкэлектр» жана «Чыгыш электр» ишканаларынан электр энергиясын жылытууга жана «башка термикалык процесстерге» пайдаланууга тыюу салынганы жөнүндөгү билдирүүлөрдү ала башташкан.

Күзүндө бийлик электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөнүн жарыктарын күйгүзүүгө тыюу салган.

Тема боюнча:

Президент: Бекмурзаевди «куурдак» кылып жесеңер дагы энергосистема кризистен чыкпайт