Президент Садыр Жапаров Фейсбук барагында өлкөдөгү энергетикалык кризис жана көмүрдүн кымбатташы боюнча кезектеги түшүндүрмө жарыялады.
«Антпесем, мени, келе калып эле энергетика системасын кризиске батырып салгандай көрсөтүп, сындап жаткан айрым жарандарыбыз социалдык түйүндөрдөн түшпөй жатышат», — деди президент.
Энергетикалык кризис тууралуу
Садыр Жапаров акыркы он жылдан бери ГЭС салынбагандыктан жана «жеп кеткен чоңдордун» айынан электр система 140 миллиард сомго карызга батканын дагы бир жолу эске салды. Анын айтымында, ал бийликке келгенден тартып министрлик карыздан кутула баштаган жана өлкөдө кичи жана орто ГЭСтердин курулушу башталган.
«Былтыр мен ишке жаңы киришкенде энергетика системасынын ахывалын көрүп алып төбө чачым тик турган. Ошондо эле энергетика министрлигине “Мындан ары бир тыйын карыз албайсыңар. Импортту беш сомдон алууну токтотобуз. Бизде өздүк наркы канча болсо ошончодон алабыз, же өзүбүздөн иштеп чыгабыз” тапшырма бергем», — деп жазды ал.
Жапаров бүгүн импорттун баасы эки сомдун тегерегинде болуп жатат деп белгилеп, Кыргызстанды 2024-2025-жылдарга энергокризистен алып чыгууну убада кылды.
«Импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөгө айланабыз. Ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди “куурдак” кылып кууруп жесеңер дагы бул [энергосистема] кризистен чыкпайт. Анча-мынча мүчүлүштүктөр сөзсүз болот. Айла жок чыдайбыз», — деди Жапаров.
«Кыргыз көмүрдөгү» саботаж
Өлкө башчы Кыргызстанда көмүр казуу кеч башталганын моюндап, буга «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасындагы саботаж себеп болгонун билдирди. Жапаровдун айтымында, ага карабастан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги техникасын ишке киргизип, көмүр казууну тездетип үлгүрүп калганын белгиледи.
«Азыр да саботаж уланып жатат. Анткени ал жактагы коррупцияны жок кылып жатабыз», — деп жазды президент.
Коррупцияга мисал катары Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) окуяларды келтирди.
Анын айтымында, буга чейин Кара-Кече кенинен өндүрүлгөн көмүр Балыкчы шаарындагы көмүр кампага келип, «кабыл алынды» деп катталып жүргөн. Бирок иш жүзүндө кампага эч кандай көмүр түшүрүлгөн эмес.
«Тагыраак айтсам “воздух” келет. “Воздух” көмүрдүн ордун эмне менен толтурушат экен дебейсиздерби? Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет экен. Мына ошентип, [Бишкек] ЖЭБге алып келгенде “бармак басты, көз кысты” болуп эле өтүп кетип турган. Кара-Кечеден баштап, ЖЭБге чейинкилер менен кумдан түшкөн пайданы бөлүшүп турушкан. Ошентип ЖЭБ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн», — деди Жапаров.
Президент бул окуя боюнча бир нече адам кармалып, кум аралашкан көмүр жагуу токтотулганын кабарлады. Ошондой эле ал «башка коррупциялык иштердин үстүнөн иштеп жатабыз» жана «чирип калган системаларды тазалап жатабыз» деп кошумчалады.
«Кара-Кечедеги» коррупция
Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында УКМК «Кыргыз көмүрдүн» «Кара-Кече» филиалынын эки кызматкерин, ошондой эле Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Турускул» салмак көлөмдүк көзөмөл пунктунун эки инспекторун «Коррупцияга» шектеп кармаган.
Атайын кызмат «Кара-Кеченин» кызматкерлери көмүрдү «тоскоолдуксуз» жүктөө үчүн ар бир айдоочудан бир миң сомдон алгандарын аныктаган. Ал эми «Турускул» пунктунун инспекторлору ташылып жаткан көмүрдүн уруксат берилген салмактан көп болгонун көз жаздымда калтыруу үчүн ар бир айдоочудан 500 сомдон алып турганы айтылган.
Ал эми 3-августта УКМК «Кыргыз көмүрдүн» ошол кездеги жетекчиси Канатбек Ашырбаевди жана «Кара-Кече» филиалынын эсепчисин «Коррупцияга» шектеп кармаган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр Кара-Кече көмүр кенинде казылган көмүрдүн көлөмү 370 миң тоннага, ал эми акчасы 600 млн сомго аз көрсөтүшкөн. Алар мындай аракеттерди көмүрдү «өз пайдасына ар кандай компанияларга сатуу» үчүн жасагандыгы айтылган. Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө изоляторунда киргизилген.
«Кыргыз көмүрдүн» жаңы директору Мирлан Жакыпов учурда Кара-Кече көмүр кенин «Альфанын» спецназчылары ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте коргоп жатканын кабарлаган.