Украинада орус аскерлеринин кол салуусунан улам 19 күндөн бери уланып жаткан согуш коронавирус пандемиясынан кийин баш көтөрө элек кыргыз экономикасына таасирин тийгизди.
Түзүлгөн кырдаалдан улам бизнес жана Министрлер кабинети кризистен чыгуунун максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
12-мартта экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугуп, минкаб экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана ишкерлерди колдоо боюнча кыска мөөнөттүү мамлекеттик программалардын төрт пакетин ишке ашырганын билдирди.
Амангелдиев өкмөт антикризистик планды иштеп чыга баштаганын да кошумчалады.
«Учурдагы кырдаал мамлекет үчүн дагы, бизнес үчүн дагы тобокелчиликтерди жаратат. Ошондуктан, биз кризистин алдын алуу боюнча практикалык чараларды биргелешип иштеп чыгабыз, анткени бизнес жер-жерлерде абалды жакшы билет», — деди министр.
Ошондой эле экономика министрлигинен бизнес өкүлдөрү Орусия менен тышкы соода операцияларына чектөөлөр коюлганына жана аба каттамдарынын токтотулушуна тынчсызданып жатышканын белгилешти. Аталган маселелерди чечүү үчүн ишкерлер альтернативалык жолдорду иштеп чыгууну сунушташты — мисалга, ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу.
Дагы окуңуз: Доллар эмне себептен өсүүдө, баалар дагы кымбаттайбы, бийлик чара көрөбү? Түшүндүрүп беребиз
Эл аралык ишкерлер кеңеши эмнени сунуштады?
Эл аралык ишкерлер кеңештин директору Аскар Сыдыков жолугушууда мындай кризистик абалда мамлекет бизнестеги бардык тоскоолдуктарды жоюшу керектигин айтты.
«Салык кодексиндеги негизги маселелерди алып салуу керек: мисалы туризм, коомдук тамактануу үчүн бирдиктүү салык ставкаларын азайтуу, кодекс үчүн бардык мыйзам актыларды кабыл алууну тез арада бүткөрүү. Жөнөкөй эле мисал кетирейин. Бизде суусундук өндүрүүчүлөр маркировканы киргизүүдөгү көйгөй боюнча көп кайрылышат. Азыр аны белгисиз мөөнөткө жылдырып, ал тургай пилоттук негизде да киргизбей туруу керек», — деди Сыдыков.
Ошондой эле ал кеңеш ишкерлик кылмыштар боюнча жазык иштерин козгоого чектөө жана бизнести текшерүүгө мораторий киргизүүнү сунуштаганын айтты. Сыдыковдун пикиринде, бийлик күйүүчү майдын баасы кымбаттап кетпеши үчүн нефтетрейдерлерге жеңилдектерди бериши керек, антпесе бул башка товарлардын баасына да таасир этет.
«Салык кирешелеринин эсебинен бюджетти толуктоо карай багыт алынганы айтылууда. Ал эми кризис маалында, тескерисинче, экономикага көбүрөөк акча таштап, бизнеске эркиндик берип, рынок экономикасынын принциптерине негизделген ырааттуу жана адекваттуу мамлекеттик саясатка ишенимди ойготуу зарыл», — деп кошумчалады Сыдыков.
Бюджетти дагы кантип толтурууну көздөшөт?
Президенттин администрациясы «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу менен экономиканын бир бөлүгүн көмүскөдөн чыгаруу жана бюджетти андан аркы толтуруунун дагы бир ыкмасын сунуштады.
Мыйзам долбооруна ылайык, бул чаралардын максаты — ички, тышкы инвестияларды көбөйтүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу.
Бул документти юристтер сынга алып, ал мыйзамсыз келген кирешени мыйзамдаштырууну сунуштарын белгилешкен. Мыйзамдын долбооруна ылайык, кыргызстандыктар атайын декларация тапшыра алышат. Документте алардын мурда кандайдыр бир себептерден документке кирбей калган, ал тургай мыйзамсыз жана кылмыштуу жол менен келсе да бардык кирешелери жана мүлктөрү көрсөтүлөт.
Аталган мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн 14-мартта президент Садыр Жапаров бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда ал «өлкө тарыхтын жаңы барагын ачып жатканын», ал эми мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттин «саясий эрки жана кепилдиги жетиштүү» деп айтты.
«Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө мыйзам өлкө тарыхында 5 жолу кабыл алынган. Бирок ошол беш жолу кабыл алынган мыйзамдын бири да ар кандай жагдайлардан улам тийиштүү натыйжасын берген эмес. Ал эми бүгүн сиздер менен талкуулап жаткан мыйзам долбоору мамлекет тарабынан кол тийбестиктин бардык кепилдиктерин камсыздай тургандыгын баса белгилей кетүү керек», — деген Жапаров.
Жолугушуунун соңунда президент баштаган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ишкерлер менен «мырзалар келишимине» (ниет протоколу) кол коюшту. Келишимдин чоо-жайы тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлаган жок.
Дагы окуңуз:
Президенттик аппарат мыйзамсыз активдерди мыйзамдаштырууну сунуштады
Кыргызстан мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын жабык кылууну каалайт