Депутат Өмүрбек Бакиров КТРКны «уят клиптерди көрсөтүп жатат» деп сынга алды

Депутат Өмүрбек Бакиров Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) музыкалдык каналы «обу жок, уят клиптерди» көрсөтүп жатканын айтып нааразы болду. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 16-марттагы отурмунда КТРКга «улуттук» макам берүү маселеси каралып жатканда айтты.

«Музыкалдык каналыңыздар бар экен, анда обу жок, уят клиптерди көрсөтүп атасыздар. Ошону көргөн биздин жаш өспүрүмдөр, биздин элибиз кайсыл жакка карап багыт алат? Мына клиптерди өзүм көрүп атамын, эми айтканга дагы уят да ошол клиптерди. Ошону ким өткөрүп жатат? Ким коюп жатат, ким уруксат берип жатат? [...] Эмне кыласыңар чет мамлекеттин эротикасын көрсөтүп?» — деп суроо салды Бакиров.

Бакиров КТРКга «улуттук» макам берилгенден кийин канал улуттук «каада-салт, үрп-адат жана маданиятты көрсөтүшү керек» деп эсептейт.

Ал эми КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев бүгүнкү күндө бул маселе боюнча көрүүчүлөрдөн сунуштар түшкөнүн жана каналдын көркөм кеңеши аларга түшкөн клиптерди карап чыгарын билдирди.

«Булардын фондусундагы клиптерди ревизия кылабыз. 14-марттан тарта буларда сетка өзгөрүп жатат. Азыр ар бир келген клип көркөм кеңештин кароосунан өтмөйүн эфирге коюлбайт», — деп жооп берди Иманалиев.

КТРКнын башчысы улуттук маданиятты камтыган берүүлөр КТРКнын Маданият, тарых, тил каналында көрсөтүлүп ал эми жаш балдарды тарбиялоо боюнча «Баластан» телеканалы иштеп жатканын кошумчалады.

КТРКны реформалоо жана ага карата сындар

Маданият министрлиги 9-февралда КТРКны реформалоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жиберген.

Мыйзам долбоорунда КТРКны кайрадан «улуттук» телеканал кылуу сунушталган. Анда корпорациянын Байкоочу кеңешин таратып, ал эми жетекчисин дайындоо укугун президентке берүү сунушталган.

КТРКны реформалоо жана «мамлекеттик» же «улуттук» макам берүү маселеси 2021-жылы көтөрүлө баштаган. Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 23-октябрында КТРКнын Байкоочу кеңеши алдына коюлган милдеттерди аткарбай жатканын билдирген.

«Канал мамлекеттин ишин кылышы керек, жеке кызыкчылыктар үчүн эмес. Мамлекеттин идеологиясын чагылдырып, социалдык көрсөтүүлөрдү бериши керек», — деген ал.

Массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоева ноябрда КТРКнын макамы жөнүндөгү мыйзам долбоору президенттин 2021-жылдын 5-майындагы тапшырмасына ылайык иштелип чыкканын айткан.

Сарногоеванын айтымында, корпорациянын башкы директорун шайлоодо Байкоочулук кеңештин ишинде «өтө чоң коррупциялык көрүнүштөр» байкалган.

29-октябрда «Медиа Полиси Институту» 15 медиа, журналисттер жана редакторлор кол койгон медиакоомчулуктун кайрылуусун жарыялаган. Анда алар маданият министрлигинен «Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну өтүнүшкөн.

Медиакоомчулук сунушталган мыйзам долбоорунда демократиялык принциптер толугу менен жокко чыгып, коомчулук телеканалдын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй албай калат деген пикирде. Ал эми журналисттер телерадиокорпорация мамлекеттик болуп өзгөртүлгөндөн кийин кайрадан бийликке аянтча түзүп берип калат деп эсептешет.