Депутат Дастан Бекешев парламенттин 15-марттагы жыйынында фейк маалыматтарга каршы күрөш тууралуу оюн айтты. Ал фейктер менен сот аркылуу гана күрөшүү керек деп эсептейт.
Интернеттеги жалган маалыматтарга даттануу жөнүндөгү мыйзам долбооруна ылайык, каалаган жаран Санарип өнүктүрүү министрлигине кайрылып, кимдир бирөөнүн соцтүйүндөгү барагын бөгөттөөнү же аны фейк деп табууну талап кыла алат. Документ интернет-провайдерлерге мындай барактарды соттун чечимисиз эле бөгөттөөгө уруксат берет.
«Азыр позицияңды айтсаң эле миңдеген аккаунт дароо чабуул коёт. Анан да баары уюшулган. Керек болсо, айрым учурда аларды бийлик да колдонот. Ачык эле айталычы. Же андай эмеспи? Фейк менен кантип күрөшө алабыз. Бул чын же жалган маалымат экенин кантип айта алат?.. Албетте сот гана айта алат. Келгиле башка жагынан карап көрөбүз. А мүмкүн бирөө коррупция тууралуу айтса, коррупционер жок бул фейк десечи. Андай да болушу мүмкүн. Ошондуктан фейк менен күрөшүүгө кошулам. Бирок сот аркылуу гана болсун. Сот бардык далалдерди көрсөтүп чечиши керек», — деди эл өкүлү.
Депутат өткөн жылы атайын кызматтагылар фейк аккаунт аркылуу кандайдыр бир далилдерди келтирбестен эле сурак бергендеги видеосун жарыялап салышканын эске салды.
«Шайлоо учурунда мен өзүм УКМКда болуп, менден сурабай, монтаж кылып, биздин жөнөкөй кыматкер менен сүйлөшүүбүздү монтаж кылып, мени күнөөлүү кылып чыгарышты. Анан фейсбукка фейк аккаунт аркылуу чыгарышкан ошону, бир саат ичинде. Мен ал учурда УКМКда отургам. Журналисттер кылдыбы аны? Блогерлер кылдыбы? Мына азыр УКМК өзү, атүгүл айрым кызматкерлери блогер болуп калбадыбы…», — деди эл өкүлү парламент жыйынында.
2021-жылдын ноябрь айынын ортосунда УКМК депутат Дастан Бекешев шайлоо штабында өспүрүмдөр иштегенин мойнуна алды делген видеону жарыяланган. Комитеттен депутаттын үгүтчүлөрүнө айлык келишим түзбөстөн төлөнгөнү, башкача айтканда, шайлоо фондунан каржыланбаганын айтышкан.
Бекешев өспүрүмдөрдүн видеосун алардын ата-энелеринин уруксаты жок эле жарыялап салышканы үчүн УКМКны сынга алган.
«Сурактагы бардык видео УКМКда тартылган, ошол эле жерде монтаждалып, сурактан бир саат да өтө электе интернетке жүктөлгөн. Мындай материалдар негизи ошол жерде гана калышы керек болчу. Тергөөчүлөр ал материалдардын баарын интернетке жүктөөнү өздөрү кааламак эмес. Аларга бийлик тапшырма берген, мына сиздерге админресурс», — деп жазган депутат Инстаграм барагына.
Фейктер жөнүндөгү мыйзам
Маданият министрлиги февралдын орто ченинде минкабдын интернеттеги жалган маалыматтар боюнча даттануу жөнүндөгү ченемдик укуктук актысынын долбоорун жарыялаган. Бул документ «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын иштешин толукташы керек.
Долбоордо ведомство сайттардын ишине жана баракчаларга интернет-провайдер аркылуу бөгөт коюуну сунуштаган.
Маалымкат-негиздемеде кайсы бир адам өзү тууралуу ачыкка чыккан маалыматты жалган деп эсептеген учурда көрүлө турган чаралардын алгоритми жазылган.
Мындайда ал адамдын Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдында түзүлө турган кызматка арыз менен кайрылуусу гана жетиштүү. Ал эми мамлекеттик орган соттун чечимисиз эле кайсыл бир сайттын ишмердүүлүгүн эки айга токтотууну талап кыла алат. Эгер сайттын ээси маалыматты өз эрки менен өчүрсө, ага сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан калыбына келтирип беришет.
Юристтер, укук коргоочулар жана ЖМКлардын өкүлдөрү токтомдун долбоору «чийки» жана олуттуу толуктоолорго муктаж экенин айтып чыгышкан. Алардын пикиринде, минкабдын долбоорунда сөз эркиндигине жана мамлекет тарабынан кепилденген пикир айтуу укугуна таасир эте турган «Конституцияга каршы механизмдер» камтылган.
Алар документ Кыргызстан кабыл алган эл аралык милдеттенмелерге каршы келет деп баса белгилешкен. Журналисттер да токтом башкача ой жүгүрткөндөргө каршы курал болуп, «иликтөөчү журналистиканы жок кылат» деп эсептешкен.
Тема боюнча окуңуз:
Минкаб «фейк» үчүн сайттарды жабууну сунуштады. Ал кандай иштерин чиновниктер өздөрү да билбейт