Ош: Аялына үч жолу бычак сайган киши пробациялык көзөмөл менен бошотулду

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаардык соту жарандык никедеги аялын «ден соолугуна байланыштуу боюнан алдырганы үчүн» бычактаган кишини пробациялык көзөмөл менен жазадан бошотту. Мындай чечим 2-мартта кабыл алынганы белгилүү болду.

Окуя кандай болгон?

Сот актысындагы маалыматка ылайык, жабырлануучу менен шектүү жарандык никеде жашап жүргөн. Көп өтпөй аялдын боюна бүткөн. Ошол эле учурда шектүүнүн биринчи аялынан үч баласы бар.

2021-жылдын 10-октябрында жабырлануучу «ден соолугуна байланыштуу аборт жасатып», андан соң эжесинин үйүнө барган.

Жарандык никедеги күйөөсү аялдын боюнан алдырып койгонуна ачууланып, жолукканы келген. Экөөнүн ортосунда чыр чыгып, киши аялдын көкүрөк тушуна, ичине жана бутуна бычак сайган.

Аял Ош облустар аралык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, өз убагында жардам алгандыктан тирүү калган. «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен иш козголуп, киши камакка алынган.

Тараптардын көрсөтмөсү

Айыпталуучу сот отурумунда күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, аялды «өлтүрүү ниети болбогонун» айткан. Ал «бычакты унаа оңдоп жаткан жеримден чөнтөгүмө салып келе бергем» деп айткан.

Ошондой эле, ал аялы баланы «кеңешпей алдырганына» ачууланганын билдирген. Ал биринчи аялынан жашы жете элек балдары бар экенин жана карыган ата-энесин эске алып камакка байланышпаган жеңил жаза берүүнү суранган. Мындан сырткары жабырлануучуга «келтирилген зыянды төлөп бергенин» кошумчалаган.

Ал эми жабырлануучу сотто шектүүгө азыркы учурда доосу жоктугун жана жарашып алышканын көрсөткөн. Ошондой эле кишинин биринчи никесиндеги жашы жете элек балдарын жана ата-энесин эске алып кылмыш ишин кыскартып берүүнү суранган.

Жыйынтыгында сот тараптардын пикирин угуп, кишини «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратууну чечти. Ошол эле учурда сот соттолуучуга үч жылга пробациялык көзөмөл дайындап, сот залынан бошотту.

Кыргызстандагы фемицид

2021-жылы Кыргызстан Борбор Азияда аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган. Өлкөдө эркектер аялдарды уурдап, зордуктап, өлтүрүп көп учурда жазасыз калышат.

Ошондой эле Кыргызстанда аялдар көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Акыркы жылдарда жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун миңдеген фактылары катталып жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2021-жылы 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул үй-бүлөлүк зомбулук 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көбөйдү дегенди билдирет.

Мындан сырткары, көпчүлүк фактылар жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча кенен экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштер айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан жоопкерчиликке тартылбай турганын билген агрессорлор аялдарын өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттери Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөө жүргүзүп, аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табаарын аныкташкан — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.

Кененирээк окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү