Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

2021-жылдын декабрь айында Эсептөө палатасы мамлекет коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн акчаны кандайча коротконун айтып берген. Жыйынтыгы таң калтырат: 220 млн сомдон ашык акча ыксыз коротулган, 50 млндон ашууну мыйзам бузуулар менен сарпталган. Бирок бул дайынсыз сандардын артында эмне жашырылган? «Клооп» Эсеп палатасынын отчётун тыкыр изилдеп чыгып, коронавируска каршы күрөшүүдө кайсы жерден жаңылыштык кеткенин аныктады.

Канча акча болгон жана алар кайдан келген?

2020-жылы коронавирус менен күрөшүүгө республикалык бюджеттен 5,5 млрд сомдон ашуун акча бөлүнгөн. Бирок анын баары сарпталган эмес — 805 млн коротулган эмес.

Кайрымдуулуктан түшкөн каражаттар кайда кетти?

2020-жылы Саламаттык сактоо министрлиги юридикалык жана жеке жактарга кайрымдуулук үчүн эки башка эсеп ачкан.

Ошентип, «Кумтөр Голд» жабык акционердик коому медициналык мекемелерди оңдоп-түздөөгө жана тиешелүү шаймандар менен жабдылуусуна 78,5 млн сом которгон. «Манас» эл аралык аэропорту 1,8 млн сом, «Кепилдик фонду» ААК — дагы 300 миң сом бөлгөн. Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги 75 миң сом берген.Бирок бул каражаттардын көпчүлүк бөлүгү корогон эмес.

2020-жылы Саламаттык сактоо министрлиги болгону 20 млн сом короткон, анын ичинен:

  • Бишкектеги №6 Шаардык клиникалык оруукана менен Улуттук госпиталды оңдоп-түздөөгө — 6 млн сом;
  • медициналык багыттагы шаймандар менен жабдууларды сатып алууга — 3 млн сом;
  • УЗИ, ЭКГ, ЭХО, наркоз менен дем алдыруучу аппараттар жана биохимиялык анализаторлорду сатып алуудагы карызды төлөөгө— 9,5 млн сом.

2021-жылы кардиологиялык борборду оңдоого жана жабдыктарды алууга атайын эсептен дагы 3,9 млн сом сарпталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин экинчи эсебине кайрымдуулуктан 142 млн сом чогулган. Ал төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: 4 млн сом жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга кеткен, калган 138 млн сом — медицина кызматкерлерге кенемтөө төлөөгө жумшалган.

Эмне болгон компенсация жана ал кимдерге төлөнгөн?

Эпидемия учурунда Кыргызстандын бийлиги жумуш ордунда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине, ошондой эле вирус жуктуруудан улам каза болгон медкызматкерлердин жакындарына компенсация төлөгөн.

2020-2021-жылдары төлөнгөн кенемтенин жалпы суммасы 577 млн сомду түзгөн деп айтылат Эсептөө палатасынын отчётунда. 2 795 медкызматкер 200 миң сомдон, ал эми медициналык мекеме кызматкерлеринен 50 үй-бүлө 1 млн сомдон алышкан.

Ошол эле учурда аудиторлор Саламаттык сактоо министрлиги компенсацияларды которуу учурунда пенсиялык жана башка фонддорго камсыздандыруу төгүмдөрүн толук төлөбөгөнүн аныкташкан. Төлөнбөй калган төгүмдүн жалпы суммасы 500 миң сомдон ашат.

Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик сатып алууларда акчаларды кантип жоготкон?

Биринчи учур. 2020-жылы Саламаттык сактоо министрлиги жалпы суммасы 24 млн сомго медициналык багыттагы шаймандар менен жабдууларды сатып алган. Жалданма компаниялар сунуштаган бааларды карап чыгып, тендердик комиссия үч компанияны тандап алган — «Фарм гарант», «Алтын-Тамыр» жана «Фарватер». Бул компаниялар коронавируска байланыштуу сатып алууларда бааларды кымбаттатып салуу боюнча чыккан резонанстуу иликтөөнүн башкы фигуранттары болгон.

Бирок келишим түзүүдө сатып алуулардын көлөмүн, демек суммасын дагы эки эсеге көбөйтүп жазышкан — 48 млн сомго чейин. Бул мыйзам бузуу, анткени мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам боюнча, келишимдин көлөмү 5%га чейин гана көбөйтүүгө болот деп белгилейт Эсептөө палатасы. Эгер Саламаттык сактоо министрлигине көбүрөөк товар керек болсо, ал жаңы конкурс жарыялашы керек эле деп белгилешет аудиторлор.

Экинчи учур. 2020-жылдын май айында Саламаттык сактоо министрлиги коргоо каражаттары менен камсыздоого конкурс жарыялаган. Тогуз компания өзүнүн сунушун келтирген. Башка компаниялардын баалары алда канча арзан экенине карабастан, келишим «Фарватер» компаниясы менен дээрлик 17,5 млн сомго түзүлгөн.

Үчүнчү учур. 2020-жылдын августтунда Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого жана пневмококко каршы вакцина сатып алууга сынак жарыялаган. Тендердин жалгыз катышуучусу «Фарватер» компаниясы «Совигрипп» вакцинасын сунуштаган. Эсептөө палатасынын аудиторлорунун айтымында вакцина сынактын талаптарына жооп берген эмес, вакцинанын жарактуу мөөнөтү аяктап бараткан — 2020-жылдын августтуна чейин болчу. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги сынакты жокко чыгаруунун ордуна, «Фарватером» менен келишим түзүп, 550 миң доза вакцина кампага алып келинген. Ошол эле маалда товарды кабыл алууда документтерге вакцинанын жарактуу мөөнөтү — 2021-жылдын декабрына чейин деп көрсөтүлгөн.

Төртүнчү учур. 2020-жылдын апрелинде ооруканаларда вируска каршы препараттар түгөнүп калган. Саламаттык сактоо министрлиги дароо эле «Медсервис.KG» компаниясынан 942 таңгак Лопинавир/Ритонавир препараттарынын 1 даанасын 3 645 сомдон сатып алган. Бирок бул каражат пайдаланбастан министрликтин кампасында кала берген. Себеби келишим түзүлүп, аны алып келүү иштери жүрүп жаткан учурда коронавирусту дарылоонун клиникалык колдонмосу өзгөрүп, препарат жараксыз деп табылган.

Бешинчи учур. Саламаттык сактоо министрлиги Белорустан тест-системаларын сатып алууда 267 миң сом жоготкон. Контракт боюнча төлөм АКШ доллары менен түзүлүп, бирок төлөм кечиккендиктен доллардын курсу алмашып кеткен.

Кредит бар, лаборатория жок

Дагы бир көрүнүктүү окуя — Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен байланыштуу. 2020-жылы июнда банк Кыргызстанга жылдык үстөк пайызы болгону 1,5% менен 15 млн доллар насыя бөлүп берген.

Анын 5 млн долларын бүткүл өлкө боюнча лабораториялык жабдууларды сатып алууга жумшоо пландалган. Бирок лаборатория курулган эмнес — анын долбоору дагы деле жактырыла элек.

Долбоор боюнча сатып алынган жалгыз нерсе — лабораториялык үлгүлөрдү жеткирүү үчүн сатып алынган 15 унаа. Аларга 300 миң доллар жумшалган.

Ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын акчасына төмөнкүлөр сатып алынган:

  • аймактар үчүн 66 «тез жардам» унаасы — 2,5 млн доллар;
  • В классындагы 12 «тез жардам» унаасы — 1 млн доллар;
  • 469 керебеттин жанындагы монитор (бейтаптып абалын көрсөтүүчү) — 522 миң доллар;
  • өпкөнү жасалма дем алдыруучу 840 БИПАП аппараты — 966 миң доллар;
  • 469 инфузиондук шприц насостору — 280 миң доллар;
  • бейтаптар үчүн 456 керебет — 155 миң доллар;
  • 1612 абаны зыянсыздандыруучу каражат — 241 миң доллар;
  • 761 инфузиондук тамчылатма насостору — 263 миң доллар.

Жабдууларды сатып алууда бажы төлөмдөрү менен көйгөйлөр жаралган: Саламаттык сактоо министрлиги бажылык тариздөөгө каражат жоктугун айткан, ИӨБ долбоорунда болсо — бажылык төлөмдөргө акча каралган эмес. Натыйжада товарлар кечигүү менен алынып келген деп белгилешти Эсептөө палатасынан.

Оорукана бар, ээси жок

Эки жыл аралыгында аймактарга лабораториялар курулбаганы менен, «Манас» аэропортундагы убактылуу санитардык-карантиндик пунктту кыска убакыттын ичинде жабдышкан. Бирок ал деле колдонууга эмес деп жазат Эсептөө палатасы өзүнүн отчётунда: 48 млн сом жумшалып, кайра жабдылган имараттын ээси табылган эмес. Өкмөт санитардык-карантиндик пункту кайсыл ведомствого караштуу болорун чече алган эмес.

Эсептөө палатасы аудитордук текшерүүнүн бардык материалдарын башкы прокуратурага өткөрүп берген. Бул материал жарыяланып жатканда ведомстводон кылмыш иши козголдубу же жокпу, «Клоопко» жооп беришкен жок.

Материалды даярдоого Мундузбек Калыков жана Айзирек Алмазбекова көмөктөштү.

Материал «Сорос — Кыргызстан» фонду тарабынан каржыланган «COVID-19га каршы күрөшүү боюнча эл аралык жардамдардын мониториги» долбоорунун көмөгү менен даярдалды. Материалдагы пикирлер менен жыйынтыктар фонддун пикири менен дал келбеши мүмкүн.

ДАГЫ ОКУҢУЗ: