Орусия 10-мартта ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жайдын аягына чейин дан өсүмдүктөрүн жана кумшекер экспорттоого тыюу салды. Ал эми 11-мартта Бишкектин ири дүкөндөрү айрым негизи товарларга чектөө киргизди. Өлкө башчысы Садыр Жапаров «кризиске каршы чара» катары кыргызстандыктарды алтын сатып алууга чакырды. Кыргызстандын экономикасы эмгек мигранттары которгон акчадан көз каранды, ал эми азык-түлүк менен дары-дармек сырттан алып келингенин эске алганда, өлкөдө кырдаал кандай болот? «Клооп» бул маселени изилдеп, бир катар суроолорго жооп бергенге аракет кылды.
Сом басымды көтөрө албай калышы мүмкүн
Украинага толук масштабдуу согуш ачкандан кийинки Орусияга каршы санкциялар рублдин кунун кескин түшүрдү, бул өз кезегинде дароо кыргыз сомуна таасир этти.
«Орусия Федерациясы Кыргыз Республикасынын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Андыктан, эки өлкөнүн экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп түшүндүргөн ошол учурда Улуттук банк.
Орусиянын экономикасындагы өзгөрүүлөр дароо улуттук валютага таасир берет. Мисалы, 2014-жылы Крым Орусиянын курамына киргенден кийин рубль дароо 30%га арзандаган. Ага удаа эле сомдун да куну түшкөн. Кыргызстанда валюта курсу олку-солку болсо, кесепети дароо карапайым адамдарга тийет.
Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына таянсак, 2021-жылдын аягына карата республиканын коммерциялык банктарындагы насыянын жалпы суммасы 181, 8 млрд сомду түзгөн. Анын 50,7 млрд сому — чет элдик валютада.
Март айынын башында Кыргызстандагы 25 бизнес ассоциациянын өкүлдөрү бийликке насыяны улуттук валютага которуу өтүнүчүн жолдошкон. Бизнес коомчулугунун маалыматында, акыркы 5 жылда сомдун долларга карата куну 40%га түшүп кеткен. Кредиттик уюмдар болсо бизнес үчүн ири насыяларды чет элдик валютада гана бергиси келет. Мындан улам, насыяны доллар менен алган компаниялар сом менен 44% ашыкча төлөөгө мажбур болушат.
Бирок доллардын өсүшү менен катардагы жарандар менен ишкерлердин гана насыясы эмес, өлкөнүн сырткы карызы жогорулап жатканын эстен чыгарбоо керек. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, январь айынын аягына карата, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,14 млрд долларды түзгөн, улуттук валютада — 435,6 млрд сом. Доллардын курсун эске алганда, 15-мартка карата мамлекеттик карыз 112,6 млрд сомго жогорулаган.
Курсту кармап туруу үчүн, 2022-жылдын башынан бери Улуттук банк беш жолу интервенция жасап, ал үчүн 284,3 млн доллар сарптады. Ага карабай, март айынын ортосуна карата доллардын курсу 105 сомго чейин чыкты. Бирок, кийин акча алмаштыруучу жайларда доллар арзандап баштады, 18-мартта 1 доллардын баасы 100 сомдун айланасын түздү. Улуттук банк рынок долларга «тойду» деп түшүндүрдү.
Көз карандысыз эксперт, бизнес-консультант Султанбек Курманкожоев кайра-кайра интервенция жасоо менен абалды оорлотуп алуу мүмкүн деп эсептейт.
«Интервенция — бул туңгуюк жол. Жалпылап айтканда, биз Орусияда рублди долларга алмаштыра албагандар үчүн ири акча алмаштыруучу жайга айланып калдык. Бул көрүнүш улана берсе, доллар түгөнүп, өлкөбүз резерви жок калат. Биз рублди эркин айлантуудан баш тартышыбыз керек, болбосо болгон долларлык резервден кол жууп калышыбыз мүмкүн», — деп эсептейт эксперт.
Сом туруктуу валюта болушу үчүн долларга байлоо керекпи? Султанбек Курманкожоевдин пикиринде, бул деле көйгөйдү чечпейт.
«Эгерде кимдир бирөө сомдун баарын долларга алмаштырам деп чыкса, биз кайра эле резервден кол жууйбуз. Экинчиси — биз өзүбүз монетардык саясат жүргүзө албайбыз, анткени доллардын эмиссиясын башкара албайбыз», — дейт көз карандысыз эксперт.
Курманкожоев маселени чечүү үчүн улуттук валютаны алтынга байлоону сунуштайт. Мындай шартта Кыргызстан өзү өндүргөн алтынга таянса болот дейт ал.
Бензинден тамекиге чейин — кайсы товарлар рыноктон жок болуп кетиши мүмкүн?
2015-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга (ЕАЭБ) мүчө болгон, ушундан кийин Орусия менен соода-сатык мамилеси андан да активдешкен. Ошондон бери өлкөнүн товар жүгүртүүсүнүн дээрлик 32%ы Орусияга туура келет, жана бул көрсөткүч туруктуу кармалып келет.
Республикага товарын импорттогон экинчи ири мамлекет — Кытай. 2020-жылга карата Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү Орусияга менен бирдей деңгээлде болчу, бирок COVID-19 пандемиясынан улам 13%га төмөндөгөн. Казакстан менен товар жүгүртүү 14%ды түзсө, Өзбекстан менен — 6%, Түркия — 5%.
Орусиянын Федералдык бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын жыйынтыгында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү 2,5 млрд долларды түзгөн. Анын 1,8 млрды — импорт.
Орусия Кыргызстанга көп өлчөмдө мунай заттарды, дан азыктарын, ун, эт, сүт жана темир, чоюн, курулуш материалдары баштаган, адамдар күн сайын колдонулуучу товарларды экспорттойт.
Өткөн аптада Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө 31-августка чейин дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды. Мындай чечимин алар, өлкөлөр керектүү көлөмдү сатып алууга үлгүргөнү менен түшүндүрдү.
Экономист, Эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимованын пикиринде, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн быйыл жаздан тартып Кыргызстанда айдалып-себилбеген бир дагы айдоо аянты, жеке чарбактар калбашы керек.
«Жаздын бир күнү жылга тете. Күзүндө жакшы түшүм алуу үчүн айдоо-себүү иштерин токтоосуз баштоо зарыл. Өкмөт элдин жазгы талаа иштерине көмөктөшүп, үрөн, күйүүчү май жана акчалай насыя алууга колдоо көрсөтүшү керек», — дейт ал.
Анткен менен Курманкожоевдин бул жаатта үмүттөндүргөн божомолдору бар.
«Ички рынокто таңкыстык жаралса Орусия товар жеткирүүнү токтотуп коюшу мүмкүн. Азыр дан азыктары менен шекерге байланыштуу дал ошондой кырдаал түзүлдү. Бирок жеткирүүнү атайлап токтотпойт — орус мамлекетинин өздөрүнө бул пайдасыз. Эгер чындап эле товар келбей калса, Орусиянын экспортунун ордун түркиялык же кытай товарлары менен толтурсак болот», — деп эсептейт ал.
Ара жолдо калган эмгек мигранттары
Согуш, андан кийинки антиорусиялык санкциялар ансыз да арасат калган мигранттардын абалын оорлотту.
Орусиялык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору Сергей Абашин «Клоопко» Украинадагы согуш Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этерин айтып берген. Абашиндин айтымында, Кыргызстан Орусиядан агылган мигранттарды күтө берсе болот: бир гана кыргызстандыктар эмес, орусиялыктар дагы келет.
Айтканындай эле, март айында Кыргызстанга Орусиянын жарандары көчүп келе баштады — айрымдары убактылуу, кээси мындан ары туруктуу жашап, ал тургай бизнес ачууга ниеттенип жатат.
Тема боюнча: «Кийим-кечени чогултканга гана үлгүрдүк». Эмне үчүн орус жарандары Кыргызстанга келип жатат?
Орусияда кызмат көрсөтүү тармагындагы айрым ишканалардын жабылышы менен, ошол жакта иштеген мигранттардын басымдуу бөлүгү жумушсуз калды. Жумуш ордун сактап калгандардын деле абалы көңүл жылытарлык эмес, анткени рублдин куну кескин түшүп кетти (азыр 1 рублдин баасы 1 сомдон арзан турат), ал эми баалар асман чапчыды. Бул мигранттардын Кыргызстанга акча которууларына да таасир этет — акча которуулар кыскарат.
Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча 2022-жылы Орусиядан акча которуулардын темпи 33%га ылдыйлайт. Бул өз кезегинде Кыргызстанга олуттуу кедергисин тийгизет, анткени 2021-жылы эле өлкөгө келген жалпы акча которуулардын 83%ы дал ушул Орусияга туура келген.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, мигранттардын акча которуулары өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) үчтөн бирин түзөт — бул жылына 2,5 миллиард доллар. Эми, акча которуулардын буга чейин божомолдонгон 3% өсүшүнүн ордуна, Кыргызстанга акча которуулар 33%га чейин кыскарат.
Акча которуулардын кыскарышы Кыргызстандын экономикасына олуттуу зыян келтирип, коомдогу бай-кедей деген ажырымды ансайын күчөтүшү мүмкүн. Мисалы, 2014-2015-жылдары Орусиядагы кризистен улам мигранттардын акча которуулары төмөндөгөн, мындан улам өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли 1,5%га өскөн.
Элмира Ибраимованын пикиринде, Орусиядагы айрым кыргызстандыктар мекенине кайтып келиши мүмкүн, башкалары жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп, Орусия эмес, башка чет өлкөлөргө кетет.
«Айрымдар үчүн кризис — кыйроо, кээ бирлери үчүн — жаңы мүмкүнчүлүктөр», — дейт ал.
Ал эми Султанбек Курманкожоев экономиканын турукташтыруу үчүн Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөлүгүнөн чыгышы керек деп эсептейт.
«Бизде экономиканы тез арада өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар — бул ЕАЭБдин курамынан чыгуу. Санкциялардан улам чектөөлөр болбойт, мындан улам Орусиядан же башка өлкөлөрдөн адам ресурстары, капиталдар агылып келе баштайт», — дейт ал.
Авторлор: Бегайым Талантбекова, Алина Касмалиева, Дилде Шатанова
Редакторлор: Анна Капушенко, Дмитрий Мотинов, Екатерина Резникова
Материал Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун «Meдиа-K» долбоорунун дата- журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан даярдалды. Программанын менторлору Андрей Дорожный, Айзада Тома жана Чолпон Узакбаева. Материалдагы пикирлер жана жыйынтыктар Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын билдирбейт.
Тема боюнча: