Сот Динара Ошурахуновага карата «Майда бейбаштык» боюнча козголгон ишти кыскартты

18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусия элчилигинин алдына митингге чыкканы үчүн укук коргоочу Динара Ошурахуновага козголгон «Майда бейбаштык» боюнча кылмыш ишин кыскартты.

Милиция кызматкерлеринин протоколунда Ошурахунова митинг учурунда «коомдук тартипти бузуп, сөгүнүп, элчиликтин алдына заара ушаткан» деп жазылган. Бирок сот отурумунда милиционер адвокаттын суроосуна жооп берип жатып укук коргоочу андай тартип бузууларга барбаганын айтты.

Ошурахунова тергөөнүн айыптоосуна макул эместигин жана баары ойдон чыгарылганын белгиледи. Укук коргоочу Биринчи май РИИБдин кызматкери кагаз жүзүндө эч кандай эскертүү көрсөтпөстөн, райондук милицияга алып кеткенин белгиледи.

«Биз ал жерде кыйкырган эмеспиз. Болгону үч киши болчу, биз ар бирибиз өз-өзүнчө келдик. Мен акырында келип кошулуп, четте турганбыз. Ошол учурда 18 кызматкер, анын арасында милиция, 10-бөлүмдүн өкүлдөрү бар болчу. Биз тараптан агрессивдүү аракеттер болгон эмес», — деди Ошурахунова.

Прокурор Ошурахуновага «Майда бейбаштык» беренеси боюнча 5 500 сом айып салууну сурады.

Сот Ошурахунованын аракетинде кылмыштын курамы жок деген өкүм чыгарды. Мындан улам кылмыш иши кыскартылды.

Укук коргоочулардын адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, Ошурахуновага карата «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» бенереси менен дагы кылмыш иши козголгон, ал 25-мартта каралат.

Өндүрүш Токтонасыров менен Азиза Абдирасуловага «Майда бейбаштык» беренеси менен козголгон иш боюнча сот отуруму 22-мартка белгиленди.

Укук коргоочулар уюштурган митинг

2022-жылдын 17-мартында милиция кызматкерлери укук коргоочу Азиза Абдирасулова, Өндүрүш Токтонасыров жана Динара Ошурахуноваларды Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митингге чыкканы үчүн кармап кетишкен. Алар Украинадагы согушка каршы жана Биринчи май райондук сотунун митинг өткөрүүгө чектөө койгонуна нааразы экенин белгилешкен.

Митинг учурунда Абдирасулова эмне себептен тыюу салынганына карабай митингге чыкканын түшүндүрүп, 2002-жылы Аксы окуясында дагы митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эске салган.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусия элчилигинин имаратынын алдында, Ала-Тоо аянты менен Ак үйдүн жанында жана президенттик администрациянын имаратында тынчтык митингдерин өткөрүүгө чектөө койгон. Чектөө 11-марттан 11-апрелге чейин уланат.

Райондук соттон чектөө эмненин негизинде киргизилгенин айтышкан эмес, болгону жарандар Исанов көчөсүндөгү Горький паркында тынчтык митингин өткөрсө болорун белгилешкен.

Тема боюнча:

Бишкек: Орусия элчилигинин алдына митингге чыккан активисттерди милиция кармап кетти

Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митинг өткөрүүгө тыюу салынды