Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусия элчилигинин имаратынын алдында, Ала-Тоо аянты менен Ак үйдүн жанында жана президенттик администрациянын имаратында тынчтык митингдерин өткөрүүгө чектөө койду. Чектөө 11-марттан 11-апрелге чейин уланат.

Райондук соттон мындай чечим кабыл алууга эмне негиз болгонун «Клооптун» журналисттине айтышкан жок.

Болгону жарандар Исанов көчөсүндөгү Горький паркында тынч митинг өткөрсө болорун кошумчалашты.

24-февралда орус аскерлери Украинанын аймагынабастырып киргенден бери Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында тынчтык митингдери өтүп, жаткан — согушка каршы акциялар дагы, Орусияны колдогон митингдер дагы өтүп келет.